Эл аралык иш-чара: Теке айынын 4-7 Ысык-Көлдүн жээгинде “Борбордук Азияда жана андан тышкаркы өлкөлөрдө маданий мурастарды биргелешип алдыга жылдыруу: мүмкүнчүлүктөр жана тоскоолдуктар ” аттуу эл аралык иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Айгине маданий-изилдөө борбору иштеген тармактарда олуттуу иштерди жасап жаткан чакырылды. Алар Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан маданий мурас боюнча адистер жана салттуу билимди аркалагандар адамдар. Иш-чаранын катышуучулары үч негизги багытка ой-бөлүштү : маданий мурастарды биргелешип жайылтуунун саясий шарттары, маданий мурастарды жана салттуу билимдерди соодалаштыруу жана ашыкча соодалаштыруу, ошондой эле салттуу тажрыйбанын терс жактары жана аларды жеңүү мүмкүнчүлүктөрү. Иш-чара топтук жана жеке иш аркылуу кызматташуунун жаңы жолдорун издөө, ошондой эле бардык катышуучулардын үмүттөрү ишке ашуу/ашпоо боюнча талкуу менен жыйынтыкталды.
Иш жолугуулар: Теке айынын 9-да МИБ Айгине долбоор алакачысы (координатору) Айза Абдырахманова Кыргызстандын тобунун курамында “Борбордук Азиядагы Жибек Жолунун мурас чыйырлары – Европалык маданий мурас жылынын эл аралык жагдайлары” долбоорунун, Астанада, Казакстанда өткөн жыйынтыктоочу иш-чарасына катышты. Бул иш-чаранын алкагында 6 (алты) жылдык долбоордун негизги жыйынтыктары, анын ичинде долбоордун катышуучуларынын – Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандын өлкөнүн жоопчеттору каралды. Мындан тышкары, долбоордун онлайн мультимедиялык жыйынтыктары – «Дүйнөлүк мурас саякаттары» онлайн аянтчасынын «Жибек жолу» бөлүмү жана «Жибек жолунун жалпы мурасы» виртуалдык көргөзмөсү көрсөтүлдү.
Үйрөнүү иши: “Кыргыз оркестрине коңур үндү киргизүү” долбоорунун жумушчу тобу, музыканттар Чолпон Турумбаева, Рысбек Жунушов, Залина Касымова жаш музыканттарды 4-кылдуу комузда жана кайра жасалган салттуу кыл кыяктарда ойноого үйрөтүү иштерин улантууда. Бул музыкалык аспаптар долбоордун алкагында атайын чеберлер Рысбек Жунушов жана Марат Берикбаев тарабынан жасалган. Музыканттар долбоордун отчеттук иш-чарасына – реконструкцияланган музыкалык аспаптар менен концертке даярданып жатышат.
Жолугушуу-маек: «Фергана-Медиа Азаттык» долбоору менен жолугушуу-маек болуп өттү, анын жүрүшүндө МИБ Айгине кызматкерлери бейзаттык маданий мурастарды документтештирүү жана сактоо боюнча иш-чаралары, атап айтканда, климаттын өзгөрүүсүнүн бейзаттык маданий мурастарга тийгизген таасири Баткен жана Нарын облустарында боюнча изилдөө долбоору тууралуу айтып беришти. Долбоордун башкы адиси Айбек Самаков изилдөөнүн алгачкы жыйынтыктары жана колдонмону басып чыгаруу боюнча мындан аркы кадамдар менен бөлүштү.