📑 Иш жолугуулар: Кулжа айынын 24-дө Париж шаарында ЮНЕСКО-нун бейзаттык маданий мурасты коргоо боюнча 2003 Конвенциянын алдында иштеген Баалоо Тобунун жайкы жыйналышы башталды. Жыйналышка дүйнө боюнча шайланган 12 адис катышууда. Айгине МИБ 2022 жылы Тынч Мухит жана Азия аймагынан мамлекеттик эмес уюмдар тарабынан Баалоо Тобунун өкүлү болуп 4 жылга шайланган.
📊 Инфографика түзүү иштери: “Кыргызстандын бейзаттык маданий мурас дүйнөсүнө санариптик саякат” долбоорунун алкагында, Кулжа айынын 22-де Бейзаттык маданий мурасты (БММ) сактоо боюнча ЮНЕСКОнун 2003-жылкы Конвенциясынын эң маанилүү түшүнүктөрүн ачып берүү үчүн видео инфографикаларды даярдоо иштери башталды. Бул видео инфографикалар кыргыз жана орус тилинде жети багыт боюнча иштелип чыгат. Алгачкы тапта багыттарды баяндоону тасмага түшүрүү баскычы башталды.
⛰️ Талаа сапарлары: Кулжа 25-28 Айгине маданий-изилдөө борборунун тобу Жол-Чырак жана Калдырама-Боз аары, Мурдаш-Башы деп аталган аймакта жайгашкан тарыхый-маданий чийимташтардын комплексине талаа сапарды жасашты. Сапардын жүрүшүндө Айгине МИБ жамааты ОшМУнун археологу Салтанат Алишер кызы менен биргеликте даярдалып жаткан комплекстин онлайн картасын тактоо үчүн бир катар таштарды документтештирип, комплекстин координаттарын жана чектерин аныкташты. Долбоордун алкагында жана бул жердин эстелигин сактап калуу үчүн Айгине маданий изилдөө борборунун жамааты таштардагы сүрөттөрдүн археологиялык сыпаттамасы жана салттуу интерпретациясы бар онлайн картаны жана Мурдаш комплексинин келип чыгышын салттуу интерпретациялоо менен анимациялык тасманы чыгарууга даярданууда.