Үйрөнүү иши: “Кыргыз оркестрине коңур үндү киргизүү” долбоорунун жумушчу тобу, музыканттар Чолпон Турумбаева, Рысбек Жунушов, Залина Касымова жаш музыканттарды реконструкцияланган 4 кылдуу комузда жана реконструкцияланган кыл кыяктарда ойноого үйрөтүү иштерин улантууда. Бул музыкалык аспаптар долбоордун алкагында атайын чеберлер Рысбек Жунушов жана Марат Берикбаев тарабынан жасалган. Музыканттар реконструкцияланган комуздар менен кыл кыяктарды камтыган оркестрдин экинчи угуусуна даярданып жатышат. Экинчи угууда жаш музыканттарды даярдоо иштерин жыйынтыгы чыгарылып, долбоордун иш-чараларынын алкагында мындан аркы кадамдар талкууланат.
Иш жолугуулар: Бугу айынын 29 Айгине МИБ Өзбекстандагы Сармышсай коругунун негиздөөчүсү Эгамов Рамазан менен онлайн жолугушуу өткөздү. Жолгушууда келечекте Кыргызстандын жана Өзбөкстандын чийимташтарынын негизинде бирге иштешүү мүмкүнчүлүктөрү талкууга алынды. Сармышсай коругунда чийимташтардын көп саны жана түрү жайгашкан.
Бейөкмөт уюмдар Форумунун Ыкчам башкы ассамблеясы: ЮНЕСКОнун 2003-ж. Конвенциясынын алкагында аккредитациядан өткөн бейөкмөт уюмдардын форуму Ыкчам башкы ассамблеясы Бугу айынын 28де онлайн болуп өттү. Бул жолугушуунун негизги максаты – “Бейзаттык маданий мурастарды климаттын өзгөрүү коркунучуна байланыштуу сактоо” декларациясын талкулоо болду. Жолугушууга, дүйнөнүн ар тарабынан акредитациядан өткөн эки жүз отуз жети уюмдун жетимиш жетиси катышты. Декларация кийинки үч күндүн ичинде добуш берүү аркылуу кабыл алынат. Бул декларация Форумдун “Бейзаттык маданий мурас жана климат” атуу иш тобу тарабынан иштелип чыкты. Айгине МИБ Азия-Тынч океан аймагынан 2023-жылдан 2024-жылдын аягына чейин Форумдун Аткаруу комитетинин мүчөсү катары көрсөтүлгөн.
Иш жүрүштөр: “Кыргызстандын бейзаттык маданий мурастар дүйнөсүнө санариптик саякат” долбоорунун алкагында долбоордун жумушчу тобу 2003-жылы ЮНЕСКОнун Бейзаттык маданий мурастарды коргоо боюнча Конвенциясына жети видео инфографикасын даярдоого киришти. Видео инфографика Конвенциянын максаттарын жана негизги концепцияларын, коргоо чараларын, Конвенция боюнча ЮНЕСКОнун тизмесин, ошондой эле Кыргызстандын бейзаттык маданий мурастарынын негизги домендерин кеңири жана жеткиликтүү визуалдык түшүндүрүнүн камтыйт. Бул видео инфографика жогоруда аталган долбоордун алкагында иштелип жаткан Кыргызстандагы Бейзаттык маданий мурастардын тизмесиндеги жалпы аянтчага бириктирилет.э
Процесс обучения: Рабочая группа проекта «Привнесение коңур үн в звучание кыргызского оркестра», музыканты Чолпон Турумбаева, Рысбек Жунушов, Залина Касымова продолжают процесс обучения молодых музыкантов игре на реконструированных 4-струнных комузах и реконструированных кыл кыяках. Данные музыкальные инструменты были созданы специально в рамках проекта мастерами Рысбеком Жунушовым и Маратом Берикбаевым. Музыканты готовятся ко второму слушанию оркестра с включением туда реконструированных комузов и кыл кыяков. На втором слушании будут подведены результаты процесса обучения молодых музыкантов и обсуждены дальнейшие шаги в рамках мероприятий проекта.