Улуу Тоолор: бул жумада “Улуу Тоолор” долбоорунун алкагында Ысык-Көл облусунун үч районунун эки мектебинин 7-11-класстарынын Туура-Суу жана Кажы-Саз айылдарынын жергиликтүү тургундарынын арасында изилдөө иштерин жүргүзүп жатышкан окуучулары, Тастар-Ата тоосунда ишембилик өткөрүштү. Балдар биргелешип Тастар-Атанын аймагынан желим таштандыларды чыгарып, жакынкы жолдорду тазалоо иштерин жүргүзүштү. Келерки жумада мектеп окуучулары чийимташтар, уламыштар, дары өсүмдүктөр, ийгиликтүү айымдар деген темалар багыттарда изилдөө иштеринин жыйынтыгы менен тааныштырышат. Окучуулардын изилдөө топтордун жетекчилери мектеп мугалимдери. Кажы-Саз айылындагы мектептин топ жетекчиси – тарых мугалими Асел Бектурова; Туура-Суу айылдык мектебинин топ жетекчиси – Батырбек Шыгаев, кыргыз тили жана адабияты мугалими; Тоң айылындагы мектептин топ жетекчиси география мугалими Наргиза Исакунова. Презентация иштери чыгармачылык формада көрсөтүлөт: видеорепортаж, фотокөргөзмө, спектакль жана башка форматтар. Бир айдын ичинде жаш изилдөөчүлөр социалдык тармактарда иштер тууралуу фото жана видеорепортаждарды активдүү жарыялап, алардын изилдөөлөрүнө жана экологиялык демилгелерине көңүл бурушту.
Жергиликтүү изилдөө: жергиликтүү изилдөө жамааттардын тобу Баткен жана Нарын климаттын өзгөрүүсүнүн бейзаттык маданий мураска тийгизген таасири боюнча талаа изилдөөлөрүн аяктады. Тереңдетилген интервью ыкмасын колдонуу менен чогултулган маалыматтардын алкагында долбоордун адиси маалыматты текшерүү үчүн анкета иштеп чыкты, ал май айынын аягына чейин жергиликтүү тургундардын кеңири катмарына таратылат.
Иш сапары: Бугунун 10-13 АйгинеМИБ тобу өнөктөштөр тобу менен бирге Жезказган шаарында болушуп, «Улуу Тагзым» уюмунун тобу менен жолугушту. Жолугушууда эки уюм тарыхы жана иштери тууралуу маалымат бөлүшүп, орток кызыкчылыктарын кеңири талкуулашты. Анын кызыккан багыттарынын бири – Улуутау менен кыргыздын чийимташтар өнөрүн биргелешип изилдөө. Сапардын жүрүшүндө Айгине маданий-изилдөө борборунун жана «Улуу Тагзым» тобунун топтор «Аулие тиректи» комплексине барышып, бул байыркы тоолордо сакталган чийимташтарды изилдеп чыгышты, ошондой эле «Улуу Тагзым» негиздөөчүнүн руханий жетекчилиги Бахтияр Сапарбекович Кожахметов менен ыйык Улуу тоого зыярат кылышты.
Талаа изилдөө: Бугунун 13-15 Айгине МИБ тобу борбордун өнөктөштөр менен биргеликте Санжар Жубановдун чакыруусу менен Казакстанда жайгашкан Алтын Эмел улуттук паркына талаа изилдөө жасашты. Бул сапарда Айгине МИБ тобу Алтын-Эмелде жайгашкан Таңбалы чийимташтарын жана Бес Шатыр чоң дөбөлөр комплексин карап чыкты. МИБ Айгине тобунун алкагында Манасчы Калыбек уулу Нурбек Таңбалы чийимташтарынын арасында Манас айтып, ошондой эле музыкант Айдай Калмаматова кыргыздын салттуу Жетиген музыкалык аспабында күү чертип берген. Борбордук Азиядагы чийимташтар жана дөбөлөр менен байланышкан салттуу билимдерди изилдөө жана сактоо жаатында кыргыз жана казак салттуу биличүлөр жемиштүү кызматташтыгын өнүктүрүү каалоосу менен өткөрүлгөн Шам жагуу ырым иш сапардын маанилүү учуру болду.
Великие горы: на этой неделе в рамках проекта “Улуу Тоолор” (Великие горы) старшеклассники 7-11 классов двух школ из трёх Иссык-Кульской области, проводящих исследования среди местных жителей, сел Туура-Суу и Кажы-Саз, организовали субботник на горе Тастар-Ата. Дети совместно убрали пластиковый мусор на территории Тастар-Ата и провели очистку близлежащих троп. Школьники уже на следующей неделе представят результаты своих исследовательских работ по темам: петроглифы, легенды, лекарственные растения, успешные женщины. Руководителями школьных исследовательских групп выступают преподаватели школ. Руководитель группы школы села Кажы-Саз – Асель Бектурова, учитель истории; руководитель группы школы села Туура-Суу – Батырбек Шыгаев, учитель кыргызского языка и литературы; руководитель группы школы села Тон – Наргиза Исакунова, учитель географии. Презентационные работы будут представлены в креативной форме: видеоотчёт, фотовыставка, спектакль и другие форматы. В течение месяца молодые исследователи активно публиковали фото и видеоотчёты о процессе в социальных сетях, привлекая внимание к своим исследованиям и экологическим инициативам.