Улуу тоолор: жегиликтүү изилдөөлөр: «Улуу тоолор» долбоорунун алкагында Ысык-Көл облусундагы үч мектептин (Кажы-Саз а., Тоң а., Туура-Суу а.) 7-11-класстарынын окуучулары жергиликтүү тургундар арасында төмөнкү багыттарды изилдөөлөрдү жүргүзүп жатышат: чийимташтар, уламыштар, дары өсүмдүктөр, ийгиликтүү айымдар. Изилдөө башталганга чейин мектеп окуучуларына изилдөө жана маек куруу (интервью алуу) ыкмалары үйрөтүлгөн. Изилдөө бир айга созулат, андан кийин мектеп окуучулары өз иштеринин жыйынтыгын тандаган таризинде (видео отчет, сүрөт көргөзмө, спектакль ж.б.) көрсөтүшөт. Бул айдын ичинде жаш изилдөөчүлөр машыгуу учурунда алынган маалыматтарды пайдаланып, иштерин сүрөт жана тасма түрлөрүндө коомдук тармактарга жарыялап турушат.
Иш жолугуулар: Бугу айынын 6-да, Айгине маданий-изилдөө борборунун тобу Монголияда жайгашкан Жаратылыш жана маданий мурастарды коргоо фондунун (Foundation for the Protection of Natural and Cultural Heritage) алакачы (координатору) Саинбаяр Уртнасан (Sainbayar Urtnasan) менен онлайн жолугушуу уюштурду. Бул фонд ЮНЕСКОнун 2003 Конвенциянын астында аккредитациядан өткөн монголиялык уюм. Жолугушууда келечекте иштей турган долбоорлор тууралуу сүйлөшүүлөр болду.

