🏆 Сыйлык тапшыруу аземи: Бүгүн К.Молдобасанов атындагы консерваториянын чоң залында Намазбек Уралиев менен Асел Калкановага “Ариранг устаты” сыйлыгын тапшыруу аземи болду. Бул абройлуу сыйлыкты Түштүк Кореядагы Маданият Мастерлери эл аралык консультациялык тобу ыйгарат, ал жаңы маданий демилгелерди колдоого, туруктуу маданий өнүгүүгө көмөктөшүүгө жана маданий лидерлердин кийинки муунун тарбиялоого арналган. Азем салттуу музыка жана элдик аспаптар бөлүмүнүн башчысы Акылбек Касаболтовдун ачылыш сөзү менен башталды. Ал көрүнүктүү комузчу Намазбек Уралиев менен кызматташканына сыймыктанарын билдирди. Кыргызстандык эксперт, Эл аралык консультациялык топтун мүчөсү Айжаркын Кожобекова программанын маанисине кеңири токтолду. Иш-чаранын жүрүшүндө Намазбек Уралиев сөз сүйлөп, «Камбаркандын» сыйкырдуу күүсү менен көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Кошумчалай кетсек, Асел Калканова өзүнүн кереметтүү кийимдерин кызыктуу көрсөтүүсү менен көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурду. Намазбек Уралиев менен Асел Калканованы “Арираң устаты” ардактуу наамынын ээлери катары татыктуу таанылышы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
📺 Таңкы эфир: Бүгүн, 12-апрелде “Кыргыз оркестринин үнүнө коңур үн киргизүү” долбоорунун демилгечи тобу, музыканттар Чолпон Турумбаева, Рысбек Жунушов, Залина Касымова жана салттуу музыкалык аспаптарды жасоонун устаты Марат Берикбаев Заман КТРКнын таңкы берүүсүндө конокто болушту. Музыканттар долбоордун максаттары жана нукура үнүн издөө үчүн комуз кыл кыякты изилдөө иштери, ошондой эле реконструкцияланган кыл кыяктар жана комуздар боюнча жаш музыканттарды окутуу иштери тууралуу айтып беришти.
⛰️ Жумушчу сапары: 2024-жылдын 7-апрелинде Айгине маданий-изилдөө борборунун жумушчу тобу салттуу билим боюнча адистер менен биргеликте Алматы шаарына барып, заманбап чийимташтарды жараткан сейрек сүрөтчү Санжар Жубанов менен жолугушту. Жолугушууда Санжар агай өз тажрыбанын бул түрүнө болгон жөндөмүн кантип өнүктүргөндүгү тууралуу жеке окуясы менен бөлүштү. Бүгүнкү күндө Санжар Жубанов байыркы чебечиликти улантып, өз колу менен таштарга чиймелерди жараткан Орто Азиядагы жападан жалгыз чебери.