📻 Иш жолугуулар: “Асыл жан” уктуруусу: Бирдин айынын 26-да, Айгине маданий-изилдөө борборунун жетекчиси Гулнара Айтпаева жана улуу кызматкери Чолпонай Усубалиева-Грищук «Асыл жан» уктуруусунун жыйынтыктоочу маегинин коногу болушту. «Асыл жан» радио уктуруусу кыргыз коомундагы аялзатына карата күчөгөн зордук-зомбулукту азайтуу максатында Айгиненин демилгеси жана Жамааттык медианын колдооосу менен 2023-жылдын жетинин айынын 27-нен бери жума сайын үч жолу түз уктуруу аркылуу ишке ашып келе жатат. Бул уктуруулар зордук-зомбулук маселенин ачыкка көтөрүп чыгуу, себептерин жана алдын алуу/жою жолдорун издөө менен бирге зомбулуктан жапа чеккен инсандарга колдоо көрсөтүү үчүн жаралган. Үч айдын ичинде отуз алты түз маек аркылуу ар-тармактын өкүлдөрү, алардын ичинде зордук-зомбулуктан жапа чеккен келиндер, өз ой-пикирлерин жана тажрыйбаларын Кыргызстандагы угуучулар менен кеңири бөлүшө алышты. Жыйнтыктоочу уктуруунун алкагында, Гулнара жана Чолпонай айымдар бул уктуруу кандай ниет менен башталганын, кандай тоскоолдуктарга дуушар болгонун жана Борбордун зордук-зомбулукка каршы багытталган башка иш-чаралары тууралу кеп курушту.
📚 Баалоо Тобунун иши: Бирдин айынын 27-де жана 28-де ЮНЕСКОнун бейзаттык мурасты сактоо боюнча эл аралык Комитетинин астындагы Баалоо тобу 2024 жылдагы ишин баштады. Баалоо тобу 12 мүчөдөн турат. Алар дүйнөдөгү ар башка аймактардын өкүлү болуш керек. Алты мүчө Комитетке кирбеген мамлекеттерден шайланат жана алты мүчө ЮНЕСКОнун аккредитациясынан өткөн мамлекеттик эмес уюмдардан шайланат. Шайлоого Комитетке кирген 24 мамлекет катышат. Айгине маданий-изилдөө борбору Тынч Мухит жана Азия аймагынын өкүлү катары 2022 жылы мамлекеттик эмес уюм катары Баалоо тобуна төрт жылга шайланды.
💭 Иш жолугуулар: Бирдин айынын 27-де Айгиненин кызматкерлери Анарбай Турганбаев менен жолугушту. Анарбай 1981-1983 жылдары Афган согушуна катышкан аскер. Жолугуу согуш убагында эне тилдин, салттуу билимдин орду канчалык, ырымдарга орун барбы, алар аскерлерге жана жергиликтүү калкка жардам бере алабы, согуш тапшырмаларды аткарууда эл даанышмандыгы пайдасын тийгизе алабы деген багытта өтту.
✍️ Мурдаш чийимташтарын сактоо боюнча иш чаралар: Айгине маданий-изилдөө борборунун жумушчу тобу Ош облусундагы Мурдаш Башы тарыхый-маданий аймагынын санариптик картасын жана чийимташтарынын салттуу сүрөттөлөрүн түзүү иштерин улантууда. Ар бир таштын сүрөттөлүшү археологиялык жазууну жана салттуу чечмелөөсүн камтыйт.