Окуу иши: “Кыргыз оркестрине коңур үндү киргизүү” долбоорунун жумушчу тобу, музыканттар Чолпон Турумбаева, Рысбек Жунушов, Залина Касымова жана салттуу музыкалык аспап жасоочу Марат Берикбаевдер коңур үн менен оңой черте турган кыл кыл кыяктын түзүмүн өзгөртүүнү аякташты. Бул жумада жумушчу тобу жаш музыканттарды реконструкцияланган кыл кыякта ойноого үйрөтүү кырдаалын башташты. Өнөрпоздор тобун реконструкцияланган комузда жана кыл кыякта ойноого үйрөтүүнүн акыркы максаты аларды жаңыланган аспаптар менен Б.Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин оркестрине киргизүү жана концерт өткөрүүдө.
Даректүү чакан тасма “Алсыз кордойт, күчтүү коргойт”: Бул жумада Айгине Борбору өлкөбүздө болуп жаткан үй-бүлөлүк жана аялзатка карата зордук-зомбулукту азайтуу максатында чакан тасманы монтаждоо ишин аяктады. Зордук-зомбулукка каршы өлкөбүздүн сыймыгы болгон көк-бөрүчүлөр, актерлор жана каскадерлор тартылды. Долбоордун жумушчу тобу чакан тасманын бет ачарын жана ар кандай массалык маалымат каражаттарына жана башка социалдык платформаларда көрсөтүү иштерин пландаштырууга киришти. Уюштурууну долбоордун алакачысы Мээрим Айткеева башкарып келет.
“Асыл жан” радиоуктуруунун алкагында “Сыноону жеңе билүү. Жеке тажрыйба” багытында маек орун алды. Конок: Толгонай Байра.