🌳 Арча Мазарды калыбына келтирүү жана коргоо иш чаралары: Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан Арча-Мазар ыйык жерин калыбына келтирүү жана коргоо боюнча иш-чараларды мыйзамдаштыруунун алкагында демилгелүү топ тарабынан Тоң районунун акимине кайрылуу каты Мазардын керектүү реставрация жана коопсуздук иштерин жүргүзүүгө уруксаты менее даярдалды.
🏔️ Кыргызстандагы климаттын өзгөрүлүшү: жалпы байкоолор жана бейзаттык маданий мурас үчүн пайда болгон кыйынчылыктар: Тогуздун айынын 18-де Ирандын Исфахан шаарында өтүп жаткан маданий мурас боюнча адистердин жыйналышында Айгиненин өкүлдөрү аба-ырайынын өзгөрүлүшү маданий мураска тийгизген таасири, өзгөчө кыйынчылыктар тууралуу аралыктан баяндама кылышты. Жыйналыш Иранда жайгашкан ЮНЕСКОнун 2-чи даражадагы Борбору Түштүк Кореяда жайгашкан ИЧКАП уюму менен биргеликте уюштурулган. Баяндамабыз Баткен аймагында күрүч өстүрүү жана тамеки эгүү боюнча жүргүзүлгөн чакан изилдөөдүн натыйжаларына негизделген. Изилдөөнүн талаа иштерин Баткендин тургуну, узак мөөнөттүк өнөктөшүбүз Абдыразак Матисаков жүргүзгөн.
📚 Кыргыз Республикасынын бейзаттык маданий мурастарынын улуттук тизмесин түзүү боюнча иштер: «Кыргызстандын бейзаттык маданий мурастарынын дүйнөсүнө санариптик саякат» долбоорунун жумушчу топтору Кыргызстандын бейзаттык маданий мурастарынын элементтеринин улуттук тизмесин түзүү жана редакциялоону улантууда. Дагы бир домендин – касиеттүү жерлер жана зыярат ырым-жырымдар тизме түзүү жана редакциялоо боюнча иштер аяктады. Бул тармактын ишин долбоордун адиси Гулнара Айтпаева аткарып келет. Эмки кадам: түзүлгөн тизмени долбоордун Көзөмөлдөө тобу карап, жарыялоого макулдугун берет.