➿ Чийимташтар боюнча окуялар тууралуу анимациялык видеороликтерди иштеп чыгуу: Айгине МИБ жана «Тентек» бирикмесинин жумуш топтору чийимташтарда чагылдырылган кыргыз элинин тарыхы, ошондой эле тоо эчки, бугулардын жана алардын мүйүздөрү сүрөттөрүнүн маданий маанисин ачуу боюнча анимациялык роликтерди биргелешип иштеп чыгууну улантууда. Айгине МИБ тобу тарабынан даярдалган концепциясы жана сценарийинин негизинде Тентек тобу сюжеттик тактасын түзүштү. Долбоор Бүткүл дүйнөлүк жергиликтүү илим тармагы (WISN) менен биргеликте ишке ашырылууда.
💁🏻‍♀️ “Заманбап технологиялар менен маданий мурастарды тосуп алуу” долбоорунун жыйынтыктарынын бет ачар: Солтек долбоорунун тобу “Заманбап технологиялар менен маданий мурастарды тосуп алуу” долбоорун ишке ашыруунун акыркы баскычта. Долбоордун бардык жыйынтыктары – аялдардын салттуу кыргыз медитациялык иш-аракеттеринин санариптик каталогу жана ыйык жерлердин уламыштары боюнча 2 мультфильм даяр. Долбоордун тобу бет ачарга даярданууда – иш-чаранын концепциясын жана сценарийин иштеп чыгууда жана анда алар козгоп, талкуулоону каалаган суроолорду жана темаларды даярдоодо. Долбоор Паванка фонду тарабынан колдоого алынган.
📑 Кыргыз Республикасынын бейзаттык маданий мурастарынын улуттук тизмесин түзүү боюнча иштер: «Кыргызстандын бейзаттык маданий мурастарынын дүйнөсүнө санариптик саякат» долбоорунун жумушчу топтору Кыргызстандын бейзаттык маданий мурастарынын элементтеринин улуттук тизмесин түзүү жана редакциялоону улантууда. Бул жумада дагы бир домендин – салттуу кол өнөрчүлүктүн элементтеринин улуттук тизмесин түзүү жана редакциялоо боюнча иштер аяктады. Бул тармактын ишин долбоордун адиси Айдай Асангулова аткарып келет. Эмки кадам: түзүлгөн тизмени долбоордун Көзөмөлдөө тобу карап, жарыялоого макулдугун берет.