Айгине маданий-изилдөө борбору Ысык Көл аймагындагы айылдардын, жерлердин, суулардын, тоолордун  аталыштарын изилдей баштайт. Изилдөөнүн максаты: ата-бабалардан калган жерлердин жана суулардын аталыштарын кайтаруу жана пайдалануу, алардын маанисин жана  тарыхын иликтеп, элдик билимге негизделген аймак таанууну өнүктүрүү.

Иштешүүгө кыргыз тилин билген, кыргыз оозеки тарыхына кызыккан мекендештерибизди чакырабыз.

Кызыккан кишилер билдирмелерин аяк оона айынын 15-не чейин office@aigine.kg  дарегине салышы зарыл.

Билдирмелерге коюлган талаптар:

1.       Аты-жөнүңүз жана жашыңыз

2.       Кайсы айылдардын/жерлердин/суулардын/тоолордун аталыштарынын тарыхын жана маанисин чечмелеген маалыматты бере аласыз

3.      а)кайдан, б)кимден, в)качан  аталыштардын тарыхын жана маанисин ачып берген маалымат алынды (алынат).  

Интернет булактардан алынгын маалымат кабыл алынбайт.

Билдирмелер топтолуп, иреттелгенден кийин, ар-бир билдирме салган кишиге жооп тогуздун айынын 30-на  чейин кайтарылат. Талаптарыбызга жооп берген билдирмелердин ээлери өнөктөштүккө чакырылат, жер-суу тууралуу бериле турган маалыматтын таризи салынат.    

Долбоордун жыйынтыгы санарип булак жана китеп болуп чыгарылат. Салымын кошкон кишилердин  жана маалымат берген адамдардын аттары толугу менен көрсөтүлөт.

Билдирмелер  office@aigine.kg  дарек аркылуу гана кабыл алынат.