Бүгүн МИБ Айгиненин жамааты уюштуруучулардын чакыруусу менен Супара Чуңкурчак улуттук маданий аймагында өткөн биринчи Түрк элдеринин салттуу тамак-аш этнофестивалында болушту.
Фестивалдын жүрүшүндө бир нече бейзаттык маданий мурас байкоого алынып, тартылды. Тасмага терме, өрмөк, сайма сайуу, ошондой эле салттуу ашкананын тамактары чагылдырылды.
Маалымат ЮНЕСКОнун Бейзаттык маданий мурастар фондунун колдоосу менен МИБ Айгине тарабынан ишке ашырылып жаткан « Бейзат маданий мурас дүйнөсүнө санариптешкен саякат» долбоорунун алкагында чогултулуп жатат.
Фестивалды Түрксой эл аралык уюму «Супара» улуттук маданий аймагынын колдоосу менен уюштурган.