2022-жылдын 17-майында Тажикстан менен чектеш Раззаков шаарынын жанындагы дөбөсүнүн биринде (Исфана шаары, Баткен облусу, Лейлек району) МИБ Айгиненин туруктуу эксперти Жумагазы Садыр уулу баш болгон салтчыларынын демилгелүү тобу, Семетейдин асабасын көтөрүү ырымын өткөрүштү.

 

Ырымдын максаты – Кыргызстандын чек арасынын бүтүндүгүн бекемдөө. Ырымдын катышуучулары Баткен жергесинде Семетей асабасынын орнотулушу Кыргызстандын түштүк жана батыш чек арасына тынчтык жана бейпилдик алып келүүгө өбөлгө болот деп ишенишет.