25-ноябрда МИБ Айгиненин тобу Азия-Тынч деңиз аймагындагы Эл аралык бейзат маданий мурастарды изилдөө борбору (IRCI) аймактык өнөктөшү катары “Азия-Тынч деңиз аймагындагы бейзат маданий мурасты коргоо үчүн туруктуу изилдөө булакты түзүү” долбоордун алкагында семинар өткөрдү. Семинардын катышуучуларын IRCIнин башкы директору Ватару Ивамото мырза тосуп алды. Жолугушуунун жүрүшүндө мүмкүн өнөктөштөр IRCI Борбору – ЮНЕСКОнун 2-категория борборунун ишмердүүлүгү менен таанышып, борбордун учурдагы маалымат базасын өнүктүрүү пландары менен таанышты.
Суроо-жооп сессиясында IRCI презентациясынан кийин семинардын катышуучулары бейзат маданий мурасты коргоо үчүн туруктуу изилдөө маалыматтар базасын өнүктүрүүгө байланышкан стратегиялык маселелерди талкуулашты. Япониялык өнөктөштөр менен болгон сессиядан кийин мүмкүн регионалдык өнөктөштөр маалымат базасына материалдарды киргизүү формасы менен таанышты. Түшкү тамактан кийин 4 булактын негизинде маалымат базасын толтуруу боюнча практикалык сабак өттү. Семинардын жыйынтыктоочу бөлүгүндө уюштуруу маселелери талкууланды: өнөктөштүктүн эрежелери, булактар блогун түзүү, отчеттуулук.
Семинарга материалдык эмес маданий мурастар жаатында иш алып барган бейөкмөт жана мамлекеттик уюмдардын өкүлдөрү катышты.
