Кыргыздын жазуусу жок болгон, эч кандай астрономиясы жок эле жайчылар болгон. Мен болсо көбүнчө айга карап билем. Эгер ай тегерек, узун, апакай, агыш болсо, анда бул ай жакшы болот, борон-чапкын болбойт, жаан жаайт, эгинге жакшы болот. Эми мобу февраль айы чалкалап тууду, көрбөйсүңбү күн бүркөлүп, суук болуп атат.
