
Талас областында жайгашкан Нылды Ата мазарлар бирикмеси тууралуу маалыматтар жыйналган: Нылды Ата бирикмесине кирген мазарлардын аттары, сүрөттөмөлөрү, уламыштары, сүрөттөрү, мазардын шайыгынын өмүрү, тажрыйбасы, мазарда аткарылган ырымдар, зыяратчылардын маеги, мазарга каттаган зыяратчылар боюнча сандык көрсөткүчтөр. Бул маалыматтардын бардыгы тең 2005-жылы Таластагы ыйык жерлерди изилдөө боюнча «Айгине» изилдөө борбору ишке ашырган долбоордун жыйнтыгы катары китепке киргизилди.
Мазмуну
I. Киришүү
- «Айгине» – Талас
- «Айгине» – Нылды Ата
II. Касиеттүү Нылды Ата
- Зыяратчы инабат: «Нылды Ата биздин ата-бабаларыбыз баскан жер».
- Зыяратчы Гүлсаадат: «Мазар – олуялуу жер». Бирикмедеги мазарлардын сүрөттөмолөрү
- Зыяратчы Шаршенгүл: «Касиеттүү Нылды Ата, ачылып турсун бергенин». Мазарлардын жайгашканы
- Ооган молдо: «Шариятта Жеңиштей кишини чыракчы дейт». Мазар кароолчусу жана шайыгы Жеңиш кудакеев
- Зыяратчы Гүлжан: «Тамчылаган тамчысынан ичип турам». Мазардын касиеттери
- Зыяратчы Алымкан кызы нурия: «Бул ааламдын жарыгына сүнгүп барам». Нылды атадагы мазарларда аткарылуучу ырым-жырымдар
III. Тыянак IV. Тиркеме
- Шайыктардын уюму
- Долбоор
