«Кыймылга айланган ыр» сынагынын финалы — эртең!: «Кыймылга айланган ыр» сынагынын финалына акыркы даярдыктар жүрүүдө. Финал Паванка Фондунун каржылык колдоосу менен Айгине МИБ тарабынан ишке ашырылып жаткан «Салттуу кыргыз ырларынын жаңы деми жана жаңы калыптары» долбоорунун алкагында өтөт. Сахнада жаш катышуучулар салттуу кыргыз ырларынын негизинде даярдаган 4 финалдык кичи-спектаклди тартуулашат. Бул иштерде ыр кыймыл, сахналык көрүнүш, пластика жана заманбап чыгармачыл чечмелөө аркылуу ачылат. Финал эртең, 13-июнда саат 14:00дө Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрында өтөт. Баарыңыздарды күтөбүз!
Иш жолугушуулар: Бул жумада Айгине МИБдин кеңсесинде белгилүү маданият өкүлдөрү Ырыс Окенова жана Дөөлөт Сыдыков менен маанилүү жолугушуу өттү. Жолугушууда келечектеги иштер, биргелешкен чыгармачыл демилгелер жана салттуу маданиятты сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу багытындагы иштер талкууланды. Ошондой эле келечектеги кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашуу болду. Мындай жолугушуулар жаңы ойлордун жаралышына, тажрыйба бөлүшүүгө жана маданий мурасты жаңыча ачып көрсөтүүгө өбөлгө түзөт.
Изилдөөчүлөрдүн күндөлүгүнөн: Кыргыздардын кыз узатуу салтында колдонулган аялдардын салттуу ат жабдыктарын изилдөө иштеринин алкагында Сулайман-Тоо музейинен жана Улуттук тарых музейинен өзгөчө экспонаттар табылды. Сулайман-Тоо музейинде жезден жасалган сейрек тердик сакталса, Улуттук тарых музейинде чернь ыкмасы жана маржан таштар менен кооздолгон күмүш жүгөн бар. Бул буюмдар ат жабдыктарын жасоодогу жогорку чеберчиликти, көркөм табитти жана ар кыл маданий таасирлердин айкалышын көрсөтөт. Изилдөө салттуу буюмдардын артында турган билимди, устачылык ыкмаларды жана каада-салттагы маанилерди тереңирээк түшүнүүгө жол ачууда. Долбоор Паванка Фондунун колдоосу менен ишке ашырылууда.