Бүгүн Кыргыз улуттук филармониясынын сахнасында «Барчын Капелла» жаштар хорунун отчёттук концерти — «Мурас Үнү» аттуу музыкалуу концерт-спектакли өтөт. Жаш аткаруучулардан турган хор көрөрмандарга кыргыздын элдик ырларын жана автордук чыгармаларды тартуулайт. Бул чыгармаларда эл эсинин байлыгы, сезимдин назиктиги жана салттуу дүйнөтаанымдын тереңдиги камтылган. Бул кечте эмгек ырлары, лирикалык, сүйүү жана каада-салт ырлары жаңы сахналык чечмелде, көп үндүү хордук аткарууда жаңырып, өзгөчө көркөм өңүттө ачылат. Концерт Айгине МИБ «Салттуу кыргыз ырларынын жаңы деми жана жаңы калыптары» долбоорунун алкагында даярдалып, Паванка фондунун колдоосу менен ишке ашырылды. Долбоордун негизги максаты — салттуу ыр өткөндүн гана эстелиги эмес, бүгүнкү чыгармачылык үчүн да жандуу шыктандыруу булагы экенин көрсөтүү. Хордук үн, сахналык кыймыл, көркөм элестер жана сезимге бай драмалык түзүлүш аркылуу байыркы ырлар жаңы дем алып, жаш муунга жакындайт. Концерттик программага атайын коноктор да катышат: манасчы Дөөлөт Сыдыков, дастанчы Улугбек Токтоболот уулу, комузчулар жана башка өнөрпоздор. Алардын катышуусу концерттин оозеки салт жана кыргыз маданиятынын жандуу үнү менен болгон байланышын дагы да тереңдетет. «Мурас Үнү» — бул эс-тутум, үн жана муундар уландысы тууралуу кече. Бул — эл ичинен жаралган ырлар бүгүн да жаш аткаруучулардын үнү, сахнадагы жаңыча көркөм чечимдер жана мурас менен болгон жалпы жолугушуу аркылуу жашап, жаңырып келе жатканын көрсөтө турган өзгөчө кеч.
Айгине МИБ тобу Борбор Азиянын чийимташтарына арналган сүңгүп кирүү көргөзмөнү даярдоо ишин улантууда. Азыркы тапта көргөзмөнүн бяндоосу дээрлик аяктап калды. Анда археологиялык маалыматтар, салттуу чечмелөөлөр, жергиликтүү билимдер жана көркөм баяндоо бир бүтүн маанилик өзөккө бириктирилди. Учурда топ кийинки маанилүү баскычка — үн коштоого катыша турган актёрлорду издөөгө өттү. Бул жерде текстти жөн гана окуп берүү эмес, каармандардын мүнөзүн ачып, алардын ички дүйнөсүн, маанайын жана таш бетинде сакталып калган байыркы элестер менен болгон байланышын жеткире алган үндөр өзгөчө мааниге ээ. Үн аркылуу көрөрман каармандардын жандуу катышын жана ар бир элестин артында турган мурастын тереңдигин сезе алат. Долбоор ALIPH жана Европа Биримдигинин колдоосу менен ишке ашырылууда.
Кыргыздардын кыз узатуу салтында колдонулган аялдардын салттуу ат жабдыктарын — ээр-токум жана ага тиешелүү буюмдарды — изилдөө түндүк аймактарда уланууда. Бул жумада изилдөөчүлөр Улуттук тарых музейинде болуп, Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан чогултулуп, музей фондунда сакталган экспонаттар менен таанышты. Изилдөө салттуу ат жабдыктарынын көпчүлүк түрлөрү бүгүнкү күндө негизинен музейлерде гана сакталып калганын дагы бир жолу көрсөттү. Долбоор Паванка фондунун колдоосу менен ишке ашырылууда.