🏔️ Айгине МИБ тобу «Чөйрөгө чөмүлтчү көргөзмө: Борбор Азиянын чийимташтары» аттуу жаңы долбоорду ишке ашырууну баштап жатат. Бул демилге чийимташтарды бир эле учурда археологиялык мурас жана жашап турган маданий салт катары көрсөтүп, көрүүчүгө таасирдүү, сезимге жакын тажрыйба тартуулоого багытталган. Көргөзмөнүн баяндоонун өзөгү «Борбор Азия чийимташтары үчүн бирдиктүү санариптик булак түзүү аркылуу салттуу өнөрдү сактоо» долбоорунун алкагында жыйналган маалыматтарга таянат. Дал ошол маалыматтардын негизинде көргөзмөнүн баяннамасы түзүлүп, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы байланыштар — орток белгилер, көркөм багыттар жана маанилер аркылуу — бир бүтүн баянда ачылат. Долбоордун жүрүшүндө археологдор, этнографтар, коомчулуктун улуулары жана салттуу билим ээлери, жергиликтүү адистер, сүрөтчүлөрдөн турган жумушчу топ калыптанат. Көргөзмөдө тасма, анимация, үн мейкиндиги, салттуу музыка колдонулуп, чийимташтардын илимий түшүндүрмөсү менен салттуу чечмелөөлөрү тең негизде берилиши күтүлөт. Жыйынтыгында Бишкекте коомчулук үчүн чөйрөгө чөмүлтчү (иммерсивдүү) көргөзмө ачылып, долбоордун жаңылыктарын жана катышуучулардын баяндарын үзгүлтүксүз бөлүшүп турабыз.
🎵 Айгине МИБ тобу «Салттуу кыргыз ырларынын жаңы деми жана жаңы калыптары» аттуу долбоорду ишке ашырууну баштады. Бул демилге чыгармачыл жаштарга ата-бабадан калган ыр мурастын күчүн кайрадан угуп, жүрөк менен туюуга көмөк берет. Долбоор эки багытты камтыйт. Биринчиси — «Барчын Капелла» жаштар хор жамааты менен иш алып баруу. Салттуу музыканын адистери жана жамааттын жетекчиси Гүлбарчын Жакшылыкова менен бирге кыргыздын көөнө ырларынын аткаруучу тизмесин түзүп, аларды хордук аткарууга ылайыкташтырабыз. Туруктуу машыгуулар, ырдын маанисин жана көркөм дүйнөсүн талдоо, жанрлар жана аткаруу ыкмаларына терең сиңүү — көөнө ырды бүгүнкү жаш аткаруучулардын тажрыйбасына жандуу сиңген мурас кылат деп ишенебиз. Экинчи багыт — көөнө ырларды көркөм көрүнүштө чагылдыруу боюнча чыгармачыл жаштар үчүн сынак: тасма жаратуучулар, жандуу сүрөтчүлөр (аниматорлор), сүрөтчүлөр, бийчилер. Биз көөнө тексттер менен обондор бүгүнкү көркөм баяндоонун тилинде — тасма, жандуу сүрөт, сахналык аткаруу аркылуу — кайрадан жаңырып, «сүйлөп кетишин» каалайбыз. Бул демилге кыргыздын салттуу ыр өнөрүн кайрадан аңдап-таануунун маанилүү баскычы болот. Анткени ыр — тилдин эс тутуму, сейрек сөздөрдүн казынасы, дүйнө тааным, муундардын үзүлбөс байланышы жана биримдик сезими. Алдыда чоң иш күтөт жана анын жыйынтыгында көрөрмандар менен концерттик жолугушуу өткөрөбүз. Долбоордун жүрүшүн жана катышуучулардын баяндарын үзгүлтүксүз бөлүшүп турабыз.