Жетинин айынын 10–14-күндөрүндө өткөн «Борбор Азиянын чийимташтарынын бирдиктүү санариптүү булагын түзүү аркылуу салттуу өнөрдү сактоо» аймактык жыйыны жыйынтыкталды. Жыйынга төрт өлкөдөн келген археологдор, эл таануучулар, жер таануучулар, чеберлер жана жергиликтүү демилгечилер катышып, чийимташтардын илимий, дүйнө таанымдык жана чыгармачылык маанисин терең талкуулашты.
Биринчи күндө чийимташтардын азыркы маданияттар, салттар жана көрүнүштөр менен байланыштары ачылды. Катышуучулар ар тармактагы илимий ыкмаларды жана жергиликтүү элдин байыркы элестерди түшүндүрүүдөгү ордун талкуулашты.
Экинчи күндө чийимташтар «жандуу билим булагы» катары каралып, топтор сүрөттөрдү түшүндүрмө (интерпретация) жана өз түшүндүгүн жүктөө (проекция) ыкмалары менен чечмелеп, аймактар боюнча билимди сактоо жана жайылтуу боюнча кыялдарын сунушташты. Долбоордун санарип булагы көрсөтүлүп, түшүнүктөр боюнча талкуу өттү.
Үчүнчү күндө чийимташтар менен заманбап чыгармачылыктын айкалышы көрсөтүлүп, өнөр ээлери чийимташтардан шыктанган иштерин сунушташты. Ошондой эле чийимташтарды жоопкерчилик менен сактоонун негизги маселелер талкуууланды.
Айгине МИБ жыйынга катышкан бардык адисттерге, өнөр адамдарга, изилдөөчүлөргө жана жергиликтүү демилгечилерге терең ыраазычылык билдирет. Биргелешкен эмгек Борбор Азиянын чийимташтарын сактоонун жана түшүндүрүүнүн жаңы жолдору ачылат деп үмүттөнөбүз.