🏔️ Айгине МИБ тобу «Борбор Азия чийимташтарынын бирдиктүү санариптик аянтча түзүү аркылуу салттуу өнөрдү сактоо» долбоорунун алкагында аймактык жыйынга даярдык көрүүдө. Бул иш-чара аймактагы изилдөөчүлөрдү, археологдорду жана этнографтарды чогултуп, чийимташтарды байыркы мурастын эстелиги катары гана эмес, азыркы элдердин дүйнөтаанымы жана салттуу түшүнүктөрү менен байланышкан жандуу маданий мурас катары талкуулоого мүмкүнчүлүк берет. Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар чийимташтарды каттоо, түшүндүрмө берүү ыкмаларын жана жергиликтүү жамааттарды бул мурасты сактоого тартуу жолдорун талдашат.
🪢 2025-жылдын Тогуздун в айынын 28-де, Айгине маданий-изилдөө борборунун долбоорлор координатору Айза Абдырахманова Кыргызстандагы кол өнөрчүлөрдүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө арналган талкуу жыйынына катышты. Өз сөзүндө Айза Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин сурамы боюнча «Айгине» борбору ишке ашырып жаткан «Кыргызстандын кол өнөрчүлүк боюнча улуттук маалымат булагын түзүү» долбоору тууралуу айтып берди. Ал кол өнөрчүлөр жөнүндө маалымат чогултуу ыкмаларына токтолуп, өлкөнүн бардык аймактарын камтыган изилдөөнүн негизги жыйынтыктарын сунуштады. Иш чара ПРООНдун «Соодага көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында уюштурулуп, Кыргызстандагы чыгармачыл экономиканы өнүктүрүү жана салттуу кол өнөрчүлүктү колдоо багытында иш алып барган мамлекеттик мекемелердин, уюмдардын жана жарандык демилгелердин өкүлдөрүн бириктирди.
🌸 «Жети эненин батасы» долбоорунун жамааты жана сүрөтчү кыздардын тобу, жетекчиси Алия Алишерова, аялдардын баталарына арналган жандуу сүрөт тасмасын жаратуунун акыркы кадамында. Бул чыгарманын көркөм өзөгүн кол өнөрчү Гулмира Кутуева жараткан өзгөчө оймолор түзөт. Ар бир оймодо өлкөнүн ар тарабындагы аялдардан топтолгон ыйык баталардын сөздөрү катылган. Кыял Тажиеванын чыгармачылык иши аркылуу бул баталар көркөм түргө айланып, аялдардын биримдигин жана руханий күчүн даңазалайт. Долбоордун өзүнчө багыты — зордук-зомбулуктун курмандыгы болгон жети аял менен кыздын өмүрүнө арналган кошокторду жазып алуу жана сактоо иши. Зомбулукка каршы тилектештиктин белгиси катары долбоор жамааты ар жума сайын бир кошокту жарыялап, коомдо жыныстык зомбулукка каршы туруу боюнча талкууну жандандырууну көздөйт. Учурда иш топ жандуу сүрөт тасмасын аяктоо менен катар долбоордун жыйынтык иш чарасына — тасманын жана кошоктордун бет ачарына даярдык көрүүдө. Бул иш чара Жетинин айына белгиленген.