Бул жумада «Жети эненин батасы» долбоорунун алкагында салттуу кошокторду тартуу иштери болду. Долбоор айыпсыз курман болгон кыздардын жана эже-сиңдилердин арбагына арналган. Алардын тагдырлары коомдук оорунун белгисине айланып, аялдын өмүрүн жана кадыр-баркын коргоо зарылдыгын эскертип турат. Биз жети кошок жараттык — ар бир кошок өмүрү кыйылган бирден кызга арналган сөздөр. Тексттердин автору — Шаакан Токтогул, Айгине МИБ адиси, журналист жана салттуу кыргыз маданиятын изилдөөчү. Бүгүн биздин жети кошогубуз, жети баяныбыз бар: Алтынай, Айзирек, Айкыз, Рахима, Айтурган, Бурулай, Айзада.
Тогуздун айынын 2синде Айгине МИБ кеңсесинде кыргыз маданиятына жана руханий тажрыйбаларга арналган жаңы сабактардын алгачкысы өттү. Баштаманы «Курама» аялдар жамааты көтөрүп чыкты. Сабакты адис жана изилдөөчү Шаакан Токтогул өткөрүп, «Аялдыктан асылзаадалыкка жол» аттуу аялдардын ой жыйноо (медитативдик) тажрыйбалар жыйнагын тааныштырды. Жыйнак Айгине МИБ менен «Солтек» ЖЧКсынын долбоорунун алкагында, «Паванка» фондунун колдоосу менен түзүлгөн. Катышуучулар сабакты жылуу кабыл алышып, экинчи бөлүгүн өткөрүү сунушталууда.