Иш жолугушуу: Баш оонанын 21-де Айгине МИБ тобу адистер менен биргеликте «Супара» этно-комплексине барышып, анын жетекчиси Жанылсынзат Турганбаева менен жолукту. Жолугушуунун негизги темасы — «Бейзаттык маданий мурастын дүйнөсүнө санариптик саякат» долбоорунун алкагында улуттук тамак-ашка арналган бөлүмдү бекитүү болду. Учурда биз бейзаттык маданий мурастын элементтеринин санариптик улуттук тизмесин (реестрди) аянтча түрүндө түзүүнүн акыркы баскычында турабыз. Жакында бул санариптик булак толугу менен бекитилип, Кыргызстандын Маданият министрлигине өткөрүлүп берилет. Ошондой эле Жаңыл эже менен алдыдагы иш-чаралар жана мүмкүн болгон кызматташтык багыттары талкууланды.
Борбор Азиядагы чийимташтар боюнча бирдиктүү санариптик булак: Айгине МИБ тобу «Борбор Азиядагы чийимташ өнөрүн сактоо жана бирдиктүү интерактивдүү аянтча түзүү» долбоорунун алкагында ишин улантууда. Максат — Борбор Азиянын беш аймагындагы: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандагы чийимташтар тууралуу маалыматтарды бириктирген санариптик булак түзүү. Болочок аянтчанын түзүмү иштелип чыгып, анда сүрөттөр, сүрөттөмөлөр, видеолор жана изилдөөлөр жайгаштырылат — коомчулукка ачык жана жеткиликтүү болот. Иш топ арехологиялык маалымат менен катар колдонуучулардын кызыгуусун арттыра турган чыгармачыл чечимдерди да сунуштоону максат кылат.
Казакстанга талаа сапарга даярдык: Кийинки жумада Айгине МИБ тобу Казакстанга чийимташтарды изилдөө үчүн талаа сапарга чыгат. Сапарыбызда төмөнкү эстеликтер бар: Коскудук шаарчасы (неолит доору) — Актаудан 7 чакырым аралыкта; Айракты — XVII–XIX кылымдарга таандык чийимташтар жана тоо бети оюулары, Мангистау аймагында, Шетпеден 18 чакырым түндүккө. Бул жерде дубалга сүрөт тартылган өзгөчө мазарлар да бар; Танбалы таш (XIII–XIV кылымдар) — Мангистау облусунун археологиялык эстелиги. Талаа сапардын жүрүшүндө топтолгон этнографиялык маалыматтар Борбор Азиядагы чийимташтар боюнча бирдиктүү санариптик булакка кошулат.
