Түз эфир: Өткөн жумада Айгине МИБ Жамааттык медианын чакыруусу менен түз эфирге конок болду. Эфир убактысы Айгине МИБдин «Кыргызстандын касиеттүү жерлерин пайдалануу жана сейрек ырымдарды сактоо, аларды тактоо жана коргоо чараларын даярдоо» аттуу долбоорунун ЮНЕСКОнун жаңы түптөлгөн «Мыкты тажрыйбалар» платформасына жергиликтүү коомдоштуктар менен иштөө жана маданий мурасты сактоо боюнча эң мыкты мисалдардын бири катары тандалганы туурасында болду. Талкуунун алкагында касиеттүү жерлерди изилдөө кандай жүргөнү, коомдоштук менен иштөөнүн жолдору жана ыкмалары, касиеттүү жерлерди сактоодогу көйгөйлөр жана маданий мурасты сактоонун жолдору тууралуу сөз болду.
Борбор Азия чийимташтарынын маалымат булагы түзүлүүдө: Айгине маданий изилдөө борбору “Борбор Азия чийимташтары үчүн бирдиктүү интерактивдүү аянтча түзүү аркылуу салттуу чыгармачылыкты сактап калуу” аттуу долбоордун алкагында Борбор Азиядагы чийимташтар боюнча бирдиктүү маалымат булагын түзүү иштерин улантууда. Учурда беш өлкө – Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан боюнча чийимташтарга тиешелүү маалыматтарды чогултуу жана веб-сайт түзүү иштери жүрүп жатат. Бул аянтча ар бир чийимташ жер тууралуу маалымат, сүрөт, видео жана изилдөөлөр жайгаштырылмакчы.
Аялдардын батасы: Алия Алишерованын жетекчилиги алдында иш алып барган жаш сүрөтчүлөрдүн тобу аялдарга арналган бата сөздөр боюнча анимация тартуу ишин улантууда. Учурда команда даярдалган иллюстрацияларды боёо кадамы башталды. Буга чейин уз чебер Гүлмира Кутуева эже өлкө боюнча аялдардан аялдарга багышталып чогултулган баталарды оймолорго айландырган. Баталардын тексттерди кийинчерээк Кыял Тажиеванын редакциялык жана поэтикалык ишинин аркасында адабий формага ээ болгон. Бул бата сөздөр аялдардын өз оюн эркин билдирүүсүн, билим алууга болгон укугун жана «салттуу эмес» кесиптерди тандап алууга мүмкүнчүлүгүн колдоого багытталган. Учурда сүрөтчүлөр тобу анимациялык тасманын сюжеттик түзүлүшүн да калыптандырууда.