Манас Улуттук Академиясындагы адистик жолугушуу: «Бейзаттык маданий мурастын дүйнөсүнө санариптик саякат» долбоорунун алкагында Манас Улуттук Академиясы тарабынан атайын Айгине МИБ үчүн адистик жолугушуу уюштурулду. Жолугушууда кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгына жана айтуучулук өнөрүнө арналган маалымат булагынын бөлүмдөрү талкууланды. Адистер бул маалымат булагынын маданият жана билим берүү тармактарындагы маанисин белгилешип, аны билим берүү программаларына киргизүүнү сунушташты.
ЮНЕСКОнун Баалоо Комиссиясынын жайкы иш чара: Теке айынын 7-11 Париж шаарында ЮНЕСКОнун 2003-жылдагы Бейзаттык маданий мурастарды коргоо боюнча Конвенциясынын алкагында Баалоо Комиссиясынын жайкы иш чара өттү. Иш чарада дүйнөнүн ар кандай мамлекетинен келген 65 номинация каралды жана бааланды. Айгине МИБ 2022-жылдан бери Азия-Тынч океан аймагынан өкүл катары катышууда.
Жалтырак Таш чиймташтарын талкуулоо: Теке айынын 6-да Айгине МИБдин кеңсесинде Талас облусундагы Жалтырак Таш чиймташтардын маанисин талкуулоо боюнча жолугушуу өттү. Айгине МИБ тобу бул чийимташтарга Кулжа айынын 19-21 күндөрү барып келген. Талкууда өзгөчө көңүл бурдурган «скиф илбирси», «кентавр», «сатир» жана «боз үй» деп болжолдонгон сүрөттөр каралды. Жолугушууга археологдор, салттуу билим алып жүрүүчүлөр жана Казакстан менен Өзбекстандан өнөктөштөр катышты. «Кентавр» жана «сатир» сүрөттөрү кызуу талаштарды жаратты: катышуучулардын пикири боюнча «кентавр» — бул жаа көтөргөн атчан киши болушу мүмкүн, ал эми «сатир» — чачтуу жана бут кийим кийген киши катары чечмеленди. Ошол эле учурда мифологиялык элестер тууралуу пикирлер да айтылды. «Скиф илбирси» — кыргызча кабылан катары кабыл алынып, анын куйругуна окшогон бөлүгү оймо экени белгиленди. «Боз үйдүн» сүрөтү дагы тереңирээк изилдөөнү талап кылаары айтылды. Археологдор Ороз Солтобаев жана Акылбек Мураталиев чиймташтарды терең түшүнүү үчүн сүрөттөрдүн жалпы сюжетин комплекстүү карап чыгуу керектигин баса белгилешти. Бул чиймташтарды документтештирүү иштери Айгине МИБдин Борбордук Азиядагы чиймташтардын маалымат булагын түзүү долбоорунун алкагында жүрүп жатат.
