Оймо фестивалы жана конференциясына катышуу: Теке айынын 1-2-де Айгине маданий-изилдөө борборунун тобу Каракол шаарында өтүп жаткан салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча XIX эл аралык «Оймо» фестивалына жана анын алкагындагы «Салттуу маданиятты сактоо жана бейзаттык маданий мурастын негизинде креативдүү индустрияларды өнүктүрүү» аттуу конференцияга катышты. Айгине фестивалдын улуттук өнөктөшү катары түштүк аймактардан келген жети кол өнөрчүнүн катышуусун уюштурду. Иш-чарада устаканалардын видеодокументациясы жүргүзүлүп, турмуш-тиричиликке байланыштуу буюмдар, музыкалык аспаптар жана ар түрдүү салттуу тажрыйбалар чогултулду. Ошондой эле бейзаттык маданий мурас элементтеринин маалымат булагына арналган видеороликтер көрсөтүлдү. Конференцияда Айгине эки долбоорду сунуштады: «Кыргызстандын маданий мурасына санариптик саякат» долбоору – Айгиненин долбоорлор бөлүмүнүн жетекчиси Чолпонай Усубалиева тарабынан сунушталды; Кыргызстандагы кол өнөрчүлүк боюнча маалымат булагын түзүү долбоору – долбоорлор боюнча координатор Айза Абдырахманова тарабынан сунушталды. Фестиваль анын негиздөөчүсү Динара Чочунбаеванын жаркын элесине арналды. Конференцияда Айгине бул долбоорлордун жүрүшү жана азыркы жыйынтыктары менен бөлүштү. Айгине менен барган усталар түштүк аймактардагы талаа изилдөөчүлөр тарабынан сунушталган.
Эркин Тоо — 1925-жылкы гезиттердин көргөзмөсү: 2025-жылдын 1-июлунда М.В.Фрунзе музейинде 1925-жылы чыккан «Эркин Тоо» гезитинин транслитерацияланган макалаларынан турган көргөзмө ачылды. Көргөзмөдө 13 стенд жайгаштырылып, алардын ар бири ошол жылдын ар түрдүү сандарынан алынган кызыктуу маалыматтарды чагылдырган. Ар бир стенд эки тараптуу: бир жагында араб арибинде жазылган түп нуска макалалар, экинчи жагында алардын кириллицага оодарылган нускасы берилген. Көргөзмө Паванка фондунун колдоосу менен «Солтек» ЖЧКсынын өнөктөштүгүндө уюштурулуп, макет жана дизайн иштери Асель Даниярованын жардамы менен аткарылган.
Паванка фонду менен тажрыйба алмашуу: Бул аптада Айгине МИБ тобу Паванка фондунун өкүлдөрү менен онлайн-жолугушууда өзүнүн иштөө ыкмалары жана стратегиялык багыттары менен бөлүштү. Фонд өкүлдөрү Айгинедеги милдеттерди топ ичинде бөлүштүрүү ыкмасын өзгөчө белгилеп, бул тажрыйбаны башка өнөктөштөргө жайылтууну сунушташты.
