⛰️ Талаа сапары: Бугу айынын 7-де Айгине тобу Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк Жар айылынан башталган иш сапарын аяктады. Максаты — буга чейин изилденбеген, Өзбекстан чек арасына жакын жайгашкан Араван районундагы өзгөчө чийимташтар топтомун кароо жана каттоо эле. Археолог Салтанат Алишер кызы менен биргеликте биз табылган сүрөттөрдү каттап чыктык. Бул сүрөттөр жакында кеңири баяндалып, салттык түшүндүрмөлөр менен чечмеленет. Айгине МИБ бул жер тууралуу маалыматтарды Борбор Азия чийимташтарынын маалымат булагына кошуу үчүн даярдап жатат. Бул маалымат булагы — аймактагы чийим таш өнөрү боюнча маалыматтарды бириктирүү, аны сактап калуу жана илимий-мәдени чөйрөгө ачык жеткиликтүү кылуу максатында түзүлүүдө.
🐴 Сулайман-Тоо: Бугу айынын 8-де Айгине тобу Сулайман-Тоого чыгып, анын чийимташтарын, өзгөчө атактуу Давань жылкысынын сүрөтүн көрүп, каттап чыкты. Бул сүрөттөр кыргыз археологдору тарабынан изилденип, байыркы элдердин руханий жана көркөм дүйнөсүнүн баалуу далили катары сакталып келет.
🌀 Аялдарга арналган батасы: кол өнөрчү Гүлмира Кутуева өлкө боюнча жыйналган аялдар батасын — аялдардан аялдарга багытталган тилектерди — иргеп, иреттеп чыкты. Бул баталарды акын Кыял Тажиева тарабынан калыпка салынды жана оңдолду. Бул сөздөр аялдардын өз оюн билдирүү, билим алуу, өз каалаган кесиптерди тандап иштөө укугун колдоп турат. Эми Айгине тобу бул баталарды анимация түрүндө берүүгө киришүүдө.
🏔️ Полевой выезд: 7 мая команда Айгине завершила экспедицию, начавшуюся в селе Көк Жар (Ноокатский район, Ошская область). Целью было обследование особенного скопления петроглифов в Араванском районе, у границы с Узбекистаном, ранее не изучавшегося. Вместе с археологом Салтанат Алишер кызы команда зафиксировала изображения, которые вскоре будут подробно описаны и интерпретированы, включая традиционные объяснения. Эти материалы станут частью будущей базы данных петроглифов Центральной Азии — ресурса, который объединит информацию о наскальном искусстве региона для научного и культурного сообщества.