Кыргызстандагы салттуу кол өнөрчүлүктү изилдөө: Ысык-Көл жана Баткен облустарында талаа жумуштары аяктоодо: Бул жумада Айгине борборунун тобу Кыргызстандагы салттуу кол өнөрчүлүк боюнча маалымат булагын түзүү ишинде маанилүү кадамга жетти — Ысык-Көл жана Баткен облустарында талаа изилдөөлөрдү жыйынтыктап жатышат. Ысык-Көл облусунда изилдөөчү Акылбек Каныбек уулу Тон жана Түп райондорунда жергиликтүү усталар менен жолугуп, алардын тарыхын, жасоо ыкмаларын жана аймактык өзгөчөлүктөрүн документтештирди. Баткен облусунда изилдөөчүлөр Мирлан Жолдошбаев жана Руслан Жунусов бардык райондорду кыдырып, кол өнөрчүлөр менен жолугушуп, усталардын жеке тарыхтарын, иштөө ыкмаларын жана заманбап шартта кандай өзгөрүүлөргө дуушар болуп жатканын жазышты. Бул иштер Кыргызстандын бардык аймактарындагы кол өнөрчүлүк боюнча маалыматты топтогон бирдиктүү маалымат булагын түзүүгө багытталган.

Маданияттар жолугушуусу: Финляндиялык студенттер Айгине борборунда: Айгине борбору Финляндиядан келген магистрант-студенттер менен жолугушуу өткөрдү. Алар Eastern Finland, Tampere жана Helsinki университеттеринде маданият таануу, социология, география, саясат таануу, орус тили жана заманбап тарых багытында билим алышат. Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер Кыргызстандын маданий мурасына күбө болушту. Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенттери комузда классикалык чыгармаларды аткарышты. Манасчы Дөөлөт Сыдыков “Манас” эпосунан үзүндү айтып берди, бул финляндиялык студенттердин чоң кызыгуусун жаратты. Алар эпос, манасчынын ролу жана Манастын дүйнөсү тууралуу ар кандай суроолорду беришти. Мындай жолугушуулар маданияттар ортосунда көпүрө болуп, эл аралык түшүнүшүүнү жана жакындашуу процесстерин бекемдейт.

Чек ара аймагындагы усталар: тиричилик менен аман калуунун ортосунда: Чын куран айынын 7-де Айгине борборунун өкүлдөрү — Гүлнара Айтпаева, Айза Абдырахманова, Мирлан Жолдошбаев жана Руслан Жунусов — #HeritageAlive демилгеси уюштурган эл аралык онлайн иш чарага  катышты. Бул иш чара “Бейзаттык маданий мурас жана куралдуу кагышуулар” маселеге арналды. Айгине борбору “Чек арада жашаган кол өнөрчүлөр: аман калуу менен жашоонун жаңы жолдорун табуунун ортосунда” деген баяндамасы менен чыгып, Баткен облусунун чек ара аймактарындагы усталардын турмушун жана көндүмдөрүн иликтеген изилдөөнүн жыйынтыктарын сунуштады. Баткендеги тажрыйба кол өнөрчүлүктү коргоо боюнча ылайыкташтырылган жол-жоболорду иштеп чыгуу, жер которгон усталарды кайра колдоо иш-чараларына кошуу, жоголуп бара жаткан салттуу өнөр-билимдерди каттоого алуу жана үзүлгөн эл аралык байланыштар менен жергиликтүү соода жолдорун кайра жандандыруу кандай маанилүү экенин көрсөттү. Эгер мындай аракеттер жүргүзүлбөсө, кагылышуулар элдин өзүн гана эмес, анын тарыхый эс тутумун, ата-бабадан калган мурасын да жок кылып, коомдук эс-тутумда жана салттуу билим берүүнүн уңгусунда орду толгус боштуктарды жаратышы мүмкүн.