Өткөн жумада биздин топ Кыргызстандагы кол өнөрчүлүк боюнча маалымат булагын түзүү максатында жигердүү талаа иштерин жүргүздү:
Тоң району, Ысык-Көл облусу: Изилдөөчү Акылбек Каныбек уулу аймактын кол өнөрчүлүк салттарын иликтөө иштерин жетектеп, ар кандай чеберлер менен жолугушууларды жана маектерди өткөрдү.
Алай-Куу өрөөнү, Кара-Кулжа району, Ош облусу: Бул кооз өрөөндө дизайнер жана изилдөөчү Миррахим Токтогул (Опош) сейрек кездешкен кол өнөрчүлүк чеберлеринин ыкмаларын жана салттарын каттоого алды. Биринчи эле жуманын ичинде баалуу өнөрдү сактап келе жаткан усталар табылып, маалымат булагына киргизилди.
Бейзаттык маданий мурас аянтча боюнча иштер: «Кыргызстандын бейзаттык маданий мурасына санариптик саякат» долбоорунун алкагында 2300дөн ашуун элементтер тогуз домен боюнча каттоого алынды. Учурда бул маалыматтар санариптик аянтчага киргизүү үчүн такталууда. Мындан тышкары, сүрөтчүлөр аянтчанын көркөм элестетүү иштеп чыгууну башташты. Аянтчанын ар бир бөлүмдүн маанисин чагылдырган атайын сүрөт жана белги жасалат.