📸 Үчтүн айынын 17-де Айгине Маданий Изилдөө Борборунун кеңсесинде сүрөт тартуу жана тиешелүү булак жаратуу боюнча машыгуу өттү. Фотосүрөтчү Малик Алымкулов өзүнүн кесиптик сырлары менен бөлүштү. Катышуучулар композицияны туура түзүү, жарыкты колдонуу жана сапаттуу сүрөттөрдү тартуу үчүн баалуу маалыматтарды алышты. Бул көндүмдөр кол өнөрчүлүк жана чеберлердин эмгектерин тизмеге алуу үчүн баалуу жардамчы болот. Бул долбоор ЮНЕСКОнун колдоосу алдында Азия-Тынч деңиз аймагындагы Бейзаттык маданий мурас боюнча Эл аралык маалымат жана тармак борборунун (ICHCAP) жардамы менен ишке ашырылууда
📘 Айгине жана «Суучулар» демилгелүү тобунун өнөктөштүгү менен, долбоордун жумушчу тобу (жетекчиси – Айбека Самаков) климаттын өзгөрүүсүнүн бейзаттык маданий мурастарга тийгизген таасири боюнча колдонмо жарык көрдү. Маалымат Нарын, Ысык Көл жана Баткен дубандарында жүргүзүлгөн изилдөөлөргө негизделген. Нарын дубанында мал ооруларын дарылоо, Баткен дубанында өрүк өстүрүү ал эми Ысык Көлдө мазар басуу боюнча маалымат камтылган.
🤝 Үчтүн айынын 15-де Айгине маданий-изилдөө борборунун кеңсесинде “Ала-Тоо шаңы” уюмунун өкүлдөрү, манасчы Дөөлөт Сыдыков жана режиссёр Ырыс Окенова менен жолугушуу болуп өттү. Жолугуу учурунда эки уюмдун 2025-жылы боло турган иш-чаралары жана бирге жасай турган долбоорлор каралды.