Тартуу иштери: Бул жумада биз “Дулдул булак” анимациялык тасмасынын бир бөлүгү болгон жандуу тартуу иштерин аяктадык. Дулдук булак – бул Ош аймагындагы Араван жеринде жайгашкан касиеттүү жер. Бул тасма жандуу тартуу менен анимациянын айкалышы аркылуу өзгөчөлөнөт.
Иш жолугушуулары: Өткөн жумада Кыргыз Республикасындагы салттуу кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө жана туристтик индустрияны чыңдоого багытталган төрт жылдык программанын (ODA расмий өнүктүрүү жардам программасы) алкагында иш жолугушуулары болуп өттү. Айгине МИБ тобу келечектеги талаа изилдөөчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, өлкөдөгү кол өнөрчүлүк боюнча маалыматтарды топтоого багытталган талаа иштеринин талаптарын, шарттарын жана мөөнөттөрүн талкуулады. Январь айынан тартып, Кыргызстандын аймактарында улуттук кол өнөрчүлүк боюнча маалымат булагына киргизүү үчүн маалыматтарды топтоо иштери башталат. Бул долбоор ЮНЕСКОнун демилгеси менен Азия-Тынч океан регионунун бейзаттык маданий мурастары боюнча эл аралык маалыматтык жана тармактык борбору (ИЧКАП) тарабынан колдоого алынган.
«Дулдул Булак» тууралуу талкуу: Бүгүн «Тентек» бирикмесинен Жалил Молдубашев менен жолугуп, «Дулдул Булак» анимациялык тасма тууралуу талкууладык. Айрыкча жандуу тартылган видеолорду анимацияга киргизүү боюнча сөз болду. Жалил анимациялык бөлүккө кызыктуу жана өзгөчө чечим сунуштады. Долбоор алдыга жылып, биз анын өнүгүшүнө шыктанып жатабыз.