🎶 Отчеттук концерт: Жетинин айынын 11инде Б. Бейшеналиева атындагы Искусство жана маданият университетинин залында оркестрдин үнүнө Коңур Үндү киргизүү долбоору боюнча пландалган эки отчеттук концерттин биринчиси болуп өттү. Концерттен кийин университеттин окутуучулары кыргыздын баркыттай коңур салттуу музыкалык үнүн тереңдетип изилдөө келечеги жана салттуу кыргыз музыкалык аспаптарын жаңыртоо иштерин улантуунун зарылдыгы боюнча жандуу талкуу өткөрүштү.
📰 Айгине МИБ 1924–1927-жылдары чыккан «Эркин Тоо» гезитинин сандарын санариптештирүү иштерин улантууда. Бул жумада тобубуз Борбордук мамлекеттик архивдеги материалдарды изилдеди. Кубандыра турган жагдай – көп сандардын табылганы! Бирок, тилекке каршы, кээ бир сандары жок экен. Биз муну менен токтоп калбайбыз. Жоголгон сандарды издөөнү улантып, толугу менен топтогонго аракет кылабыз. Долбоор аяктаганда, табылган жана жоголгон сандардын бирдиктүү тизмесин түзүп, ошол тарыхый доордогу материалдарды толугу менен берүүнү пландап жатабыз.
🎵 Иш жолугуу: Биз оркестрдин үнүнө Коңур Үндү киргизүү боюнча долбоорубуздун алкагында Жетинин айынын 18-де Музыкалык сатира театрынын залында өтө турган жыйынтыктоочу иш-чарабызга жигердүү даярданып жатабыз. Бүгүн кеңсебизде Коңур Үн демилгелүү тобу менен талкуу орун алды. Жолугушууда концерттин таризин, аткарыла турган чыгармаларды, долбоордун алкагында аткарылган иштердин жыйынтыгын чагылдыра турган программаны түзүүгө аракет кылдык. Баарыңарды чакырабыз!