📰 Өткөн жумада, «Эркин-Тоо» гезитинин биринчи саны жарык көргөндөн 100 жыл соң, Айгине МИБ анын алгачкы сандарын санариптештирүүнү баштады. Бул иш кызыктуу, бирок ошол эле учурда оор болду: бир жагынан, абдан эскирип, бузулган беттерге зыян келтирип алуудан корктук, экинчи жагынан — ата-бабаларыбыз эркиндикти жана Кыргызстан эгемендигин эңсеген доордун рухун сезе алдык. Айгине маданий изилдөө борборунун тобу 1924–1927-жылдар аралыгында чыккан «Эркин-Тоо» гезитин санариптештирүүнү улантат. Бизге сейрек кездешүүчү гезит нускаларын колдонууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн А. Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору Айнура Алмасбековна Аскаровага ошондой эле сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнүн башкы китепканачысы Динара Атабековага сейрек кездешүүчү гезит нускаларын пайдаланууга мүмкүнчүлүк бергени үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Бул иш-чара Паванка Фондусу каржылаган “Маданий Мурастын Заманбап Технология менен Жолугушуусу” аттуу долбоордун алкагында өтүп жатат.
⚜️ Жетинин айынын 5-де кыргыз кол өнөрчүлүк боюнча маалымат булагын түзүүгө арналган маанилүү жолугушуу өттү. Иш-чарага белгилүү кол өнөрчүлөр Динара Чочунбаева, Айдай Асангулова, Миррахим Опош, Гулсан Атамкулова жана Дөөлөт Рысбаев катышты. Жолугушууда ар бир бөлүмдү кызыктуу жана пайдалуу кылуу үчүн кандай маалыматтарды кошуу жана аларды кандай түрүндө берүү керектиги талкууланды. Ошондой эле, усталар салттуу өнөрдүн рухун жеткирүү менен жеңил кабыл алынган маалыматты кантип берүү керектиги тууралуу ой бөлүшүштү. Башкы беттин таризи да сөз болуп, ал окурманды дароо эле Кыргызстандын кол өнөрчүлүк дүйнөсүнө тартуу максатын көздөөрү белгиленди.
⛰️ Өткөн жумада Баткен облусунун Кадамжай районунда «Улуу тоолор» долбоорунун жыйынтыгы чыкты. Долбоорго Кызыл-Булак, Охна жана Учкун айылдарындагы үч мектептин окуучулары катышты. Айгине изилдөө борбору сынактын шарттары, изилдөө жана маектешүү ыкмалары боюнча окуучуларга бир ай мурун иш-чара өткөргөн. Мектептер төмөнкү темалар боюнча маалымат чогултушту: Чийимташтар, Дары чөптөр, Уламыштар, Ийгиликтүү айымдар, Түпкү Кыргызстан, 1916-жылдагы Үркүн. Калыстар тобу – акын Кыял Тажиева, директор Нургүл Мамырова жана антрополог Влади Владимирова – окуучулардын чыгармачылыгын жогору баалады. Балдар театралдык коюлумдар, видео презентациялар жана анимацияларды көрсөтүштү. Жыйынтык боюнча: 3-орун – Учкун айылы, 2-орун – Охна айылы, 1-орун – Кызыл-Булак айылы.