Иш жолугушуулар: Тогуздун айынын 14-17 күндөрү Айгине борборунун тобу Талас облусунда кошок айтуу мурасын сактап келе жаткан энелер менен жолукту. Биз 95 жаштагы Саадабүбү апа, 93 жаштагы Калемкаш апа, 81 жаштагы Фарида апа жана 80 жаштагы Арзан апа менен баарлаштык. Бул даанышман апалар кошок айтуунун баа жеткис тажрыйбасы менен бөлүшүп, өздөрүнүн салт-санаа жана маданий мурастарга терең урмат көрсөтүү менен өткөн турмуш жолдорун баяндап беришти.
Иш сапарлары: Бул жумада Айгине борборунун тобу чийимташтардын маалымат булагын кеңейтүүнү улантып, Талас облусундагы бир нече өзгөчө жерге барды. Биз Кара-Буура районундагы Бакайыр айылынын жанындагы Кара Куш жана Сүлөөсүн тоолорундагы, ошондой эле Каракол айылынын жайлоосундагы Туюк Төр тоосундагы чийимташтарга байкоо саякат кылдык. Оор аба ырайына карабастан, биз байыркы чиймелерге суктанып карап чыктык. Каракол капчыгайынын кооз жаратылышы бизди өзүнүн табигый сулуулугу менен сууктандырды! Сапарыбызды уюштурууга жардам көрсөткөн “Талас Дестинациянын” жетекчиси Азамат Асеин уулуна терең ыраазычылык билдиребиз.
Ак Тайлак мазарына көз салуу: 17 жыл мурун Айгине борбору Талас жеринде касиеттүү жайларды изилдеп, бир нече мазарга чакан колдоо көрсөткөн. Ошолордун ичинде Бакайыр айылынын өөдө жагында жайгашкан Асыранкулов Саманкул ата караган Ак Тайлак мазары болгон. Бул жолу мазардын акыбалын сырттан байкап өттүк. Ак Тайлак жакшы каралып жатканы кубандырды!
Жергиликтүү мектеп музейи менен таанышуу: Айгине тобу Кара Буура аймагындагы Бакайыр айылындагы “Мураскана” музейи менен таанышты. Бул музейде айылдын айлана-чөйрөсүндө табылган байыркы турак-жайлардын калдыктары чогултулуп сакталып турат. Музей толукталанып бүтө элек, бирок мектеп жамааты аны ишке ашырууга аракет көрүп жатат.