Эл аралык конференция: Тогуздун айынын 7-9 Түштүк Кореянын Чунжу шаарында жоокерлик өнөрлөр боюнча Эл аралык форум өттү. Форум 12 өлкөнүн өкүлдөрүн, жоокерлик өнөр менен байланышкан адистерди бириктирди. Маданият боюнча адистер, салттуу өнөрлөрдү сактагандар чогулуп, маанилүү маселелерди талкуулап, өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Тогуздун айынын 7-де биринчи иш отуруму болуп, «Жоокерлик өнөрлөр бейзаттык маданий мурас катары жана алардын милдети» деген маселеге арналды. Аны Айгиненин жетекчиси Гулнара Айтпаева жетектеп алып барды. Ал эми Тогуздун айынын 8-де Айгине уюмунун кызматкери Чолпонай У.-Г. Форумдун катышуучуларына биздин салттуу оюн — көк бөрү тууралуу маалымат берди. Бул байыркы кыргыз оюну жөн эле спорт эмес, кыргыз элинин маданиятынын жана өзгөчөлүгүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат. Иш чаралардан тышкары, форумда ар кандай жоокерлик өнөрлөр боюнча мастер-класстар жана көрсөтмөлөр да өткөрүлдү.
Иш жолугуушу: Тогуздун айынын 8-де Айгине МИБ кеңсесинде “СолТек” ЖЧКнын “Маданий мурастардын жана заманбап технологиялардын жолугушуусу” долбоорунун алкагында жолугушуу болуп өттү. Бул кызматташтык “Айгине” борбору, маданий мурастар менен иш алып барган уюм, менен заманбап технологияларга адистешкен “СолТек” уюмунун күч-аракеттерин бириктирүүгө багытталган. Жолугушууга Айгине менен көп жылдары иштешип келе жаткан Темирбек Токтогазиев, Чынара Сейдахматова жана Кыял Тажиева катышты. Талкуунун негизги маселеси ыйык жерлер тууралуу мультфильмдин окуясы болду. Ар бир адис өзүнүн окуясын сунуштады, жана жыйынтыгында үч окуяны бириктирип, бирдиктүү тасма түзүү чечими кабыл алынды. Мультфильмди өндүрүү Жетинин айында башталат.
Жылдыздар тууралуу жергиликтүү билимдер: “Балдар Асманы” долбоорунун алкагында демилгелүү топ менен жумушчу топ биргелешип иштеп жатат. Асель Китаева жетектеген жаш сүрөтчүлөр жана аниматорлор балдар үчүн асман чөйрөлөрүнүн кыймылы жана жылдыз топтор тууралуу тасма сабактын үстүндө ишти аяктап жатат. Ошондой эле, кыргыз элдик жомокторунун жылдыздуу асман тууралуу жыйнагына жаркын сүрөттөрдүн иштелип чыгышына киришүүдө. Бул китепке “Жылдыз Санак” демилгелүү тобунун жетекчиси, астрономия боюнча улук окутуучу Абакир Калыбеков тарабынан чогултулган жылдыздар жана асман сфералары тууралуу элдик уламыштар киргизилет. Бул долбоор салттуу билим системасын жаш муундарга заманбап мультимедиалык аянтчалар аркылуу жеткирүүгө өбөлгө түзөт.