Бата-оймо: Биз чыгармачыл Гүлмира Кутуева менен жаңы кызматташуу мүмкүнчүлүгүнө кубанып жатабыз! Гүлмира эже “Жети энени батасы” долбооруна кошулуп, анын алкагында жети кайталангыс кыргыз оймолор жаратылат. Бул оймолор салттуу өнөрдүн сулуулугун гана чагылдырбастан – ар бири татаал жашоо сыноолорунан өткөн жети аялга арналган жакшы каалоолорго жана баталарга айланат. Биз үчүн бул долбоор өзгөчө мааниге ээ, анткени ал салттуу аялзатынын иш-аракеттерин колдоого жана алардын жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүгө кошкон салымын баса белгилөөгө багытталган.
Окуучуларга бут астында жаткан мурас тууралуу: Аяк оонанын 25-де Кыргыз Улуттук Университетинин «Тарых жана Чөлкөм таануу» бөлүмүнүн биринчи курс окуучулары менен жолугушуу болду. Биз аларга Мурдаш-Башы чийимташтар боюнча санарип картаны жана таш сүрөттөрдү жандандырган тасманы тартууладык. Картаны жана тасманы Айгине тобу «Мурдаш-Башы чийим таштарынын жана алар менен байланышкан салттуу билимди картографиялоо жана санариптештирүү аркылуу сактоо» долбоорунун алкагында даярдаган. Көрсөтүүдөн кийин окуучулар менен жандуу талкуу жүрүп, чийимташтарын чегилген убакыт жана ар кандай сүрөттөмөлөрдүн ыкмалары боюнча суроолор каралды. Жолугушууну уюштурган жана долбоорубуздун адиси Ороз Солтобаевге ар түрдүү пикирлерге ачык болгондугу үчүн, ошондой эле Чынара Сейдахматовага талкууга катышып, окуучуларды өз тамырын жана маданий мурастарын изилдөөгө шыктандырып койгону үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.
Кол өнөрчүлүк боюнча жалпы булак: Аяк оонанын 24-дө Айгине Маданий Изилдөө Борборунун кеңсесине кол өнөрчүлүк жана маданият чөйрөсүндө белгилүү ишмер Динара Чочунбаева келди. Динара эже түзүлүп жаткан салттуу кол өнөрчүлүк боюнча маалымат булагына өзүнүн баалуу ойлорун жана сунуштарын кошту. Бул долбоор ЮНЕСКОнун колдоосунун астындагы Азия-Тынч океан аймагындагы бейзаттык маданий мурастар боюнча Эл аралык маалымат жана тармак борбору (ИЧКАП) тарабынан колдоого алынган жана салттуу кол өнөрчүлүк өнөрүн өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасында туристтик индустрияны чыңдоого багытталган төрт жылдык программанын бир бөлүгү болуп эсептелет.