Жергиликтүү уламыштардагы жылдыздуу асман: Шаршемби күнү, Аяк оонанын 18-де Айгине МИБ кеңсесинде “Балдар асманы” долбоорунун алкагында бирикменин жетекчиси сүрөтчү жана аниматор Асел Китаева менен жумуш жолугушуу болуп өттү. Жыйында даярдалып жаткан «Жылдыздуу асман» мультфильминдеги башкы жана кошумча каармандардын иллюстрациялары талкууланып, жактырылды. Мультфильм балдар үчүн космостук каармандар – планеталар, жылдыздар жана асман жөнүндө видеосабак түрүндө көрсөтүлөт. Сабак көрүүчүлөрдү муундан муунга өтүп келе жаткан асман телолорунун кыймылы жана жылдыздардын жайгашуусу жөнүндөгү салттуу идеялар менен тааныштырат. Долбоор видеосабактан тышкары түстүү иллюстрациялар менен балдар китебин түзүүнү пландаштырууда. Китепте астрономия боюнча улук окутуучу, «Жылдыз Санак» демилгелүү тобунун мүчөсү Абакир Калыбеков тарабынан чогултулган жылдыздар жана асман телолору тууралуу элдик уламыштар чагылдырылат. Бул долбоор заманбап мультимедиялык платформаларды колдонуу менен салттуу билимди жаш муунга өткөрүп берүүнү көздөйт.
Түз эфир: «Мурдаш башы чийимташтарын жана ага байланыштуу салттуу билимдерди картага түшүрүү жана санариптештирүү аркылуу сактоо» долбоорунун археологу Салтанат Алишер кызы Мурдаш Башы комплексин документтештирүү жана таштарга тартылган сүрөттөрдү салттуу чечмелөө иш-чаралары тууралуу “Замана” таңкы студиясынын эфиринде айтып берди. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Салтанат эң маанилүү маданий эстелик жана кыргыз элинин ата-бабаларынын руханий жана материалдык бай жашоосунун далили болгон Мурдаш-Башы комплексинин өзгөчөлүгүн белгиледи. Долбоор байыркы элдердин жашоосунун көрүнүштөрүн гана чагылдырбастан, муундан-муунга өтүп келе жаткан татаал мифологиялык идеялардын алып жүрүүчүсү болгон чийимташтар жөнүндө билимдерди сактоого жана жеткирүүгө багытталган. Салтанат чийимташтарды картага түшүрүү жана санариптештирүү чиймелерди сактап калууга гана жардам бербестен, изилдөөчүлөрдүн жана маданият ишмерлеринин келечек муундары үчүн уникалдуу санариптик маалымат базасын түзөөрүн баса белгиледи.
Кол өнөрчүлүк боюнча маалымат базасын түзүү: Айгине МИБ тобу Кыргызстандагы кол өнөрчүлүк боюнча маалымат базасын түзүү үчүн керектүү маалыматтарды чогултуу боюнча деталдуу план түздү. Ошондой эле долбоордун алгачкы кадамдарын ишке ашыруунун алкагында маалымат базасынын негизинде болочок сайттын макети түзүлдү. Макет азыркы учурда бекитүү стадиясында. Долбоор ЮНЕСКОнун алдындагы Азия жана Тынч океандагы бейзаттык маданий мурастар боюнча Эл аралык маалыматтык-тармактык борбор (ICCHAP) тарабынан колдоого алынып, Кыргызстанда салттуу кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө жана туризм индустриясын чыңдоого багытталган төрт жылдык программанын бир бөлүгү болуп саналат. Айгине МИБ командасынын негизги милдети – өлкөнүн кол өнөрчүлүк салттары боюнча бардык колдо болгон материалдарды чогултуу жана системалаштыруу, бул жергиликтүү кол өнөрчүлүк өнөр жайынын байлыгын жана көп түрдүүлүгүн чагылдырган ресурсту түзүүгө мүмкүндүк берет.