Иш жолугуулар: Аяк оонанын 3-дө Айгине МИБдин кеңсесинде Айгине менен иштешип жүргөн кол өнөрчүлөрдүн чакан тобу менен алгачкы жолугушуу болуп, кол өнөрчүлүк боюнча маалымат булагын куруу маселеси талкууланды. Долбоор ЮНЕСКОнун колдоосу астында Азия-Тынч мухит аймагындагы бейзаттык маданий мурастар боюнча Эл аралык маалымат-тармактык борбор (ICHCAP) тарабынан демилгеленген. Жолугушууда маалымат булактын өзөгү жана болжолдуу түзүлүшү талкууланып, анда Кыргызстандын кол өнөрчүлүгүнүн бардык жактарын эсепке алууга аракет кылынды. Кийинки жолугушууга белгилүү кол өнөрчүлөр жана уюмдар чыкырылып, өткөн жыйналыштын негизинде түзүлгөн булак өзөгү сын-талкууга алынат.
Жаңы изилдөө: Айгине маданий изилдөө борборунун тобу Борбордук Азиянын салттуу күрөш жана ат оюндар өнөрүнө, анын ичинде кыргыздын салттуу Көк бөрү, Алыш жана Оодарыш өнөрлөрүнө арналган илимий басылмага илимий материал даярдоонун алкагында Эл аралык Алыш федерациясынын өкүлдөрү менен иш жолугууну өткөрдү. Федерациянын президенти Адилет Баяман уулу жана вице-президенти Белек Үсөнбеков федерациянын учурдагы ишмердүүлүгү, анын улуттук жана эл аралык деңгээлдеги жетишкендиктери тууралуу маалымат бөлүшүп, ошондой эле негизги спорттук иш-чаралар, мелдештердин эрежелери жана бул уюмдун калыптануу жана өнүгүү тарыхы тууралуу айтып беришти. Бул изилдөөнүн жарыяланышы Түштүк Кореяда жайгашкан ЮНЕСКОнун (ICM) алдында иштеген Жаштарды өнүктүрүү жана тартуу боюнча Эл аралык согуш өнөрү борбору тарабынан колдоого алынган жана демилгеленген.
Бейзаттык маданий мурастар булагында иштөө: Кыргыз Республикасынын бейзаттык маданий мурастар дүйнөсүнө санариптик саякат” долбоорунун алкагында бейзаттык маданий мурастардын тогуз доменинин жамааттары тарабынан эки миң үч жүздөн ашык элементтер инвентаризацияланган. Азыркы учурда төмөнкү домендер боюнча чогултулган маалымат структураланган жана текшерилген санариптик платформага киргизүү кадамда.