📚 Иш чара: Баш оонанын 19-23 Айгине маданий-изилдөө борбору «2003-жылдын Тизмелерине киргизүү үчүн номинациялык файлдарды даярдоо үчүн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бейзаттык маданий мурастарынын эксперттеринин жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын кызматкерлеринин потенциалын өнүктүрүү боюнча тренинг» өткөрдү. Иш чара Бишкек шаарындагы Жаннат резорт мейманканасында ЮНЕСКО тарабынан Европа биримдигинин каржылоосу менен “Борбордук Азиядагы Жибек Жолунун мурас коридорлору – Европалык маданий мурастар жылынын эл аралык аспектилери” долбоорунун алкагында өттү. Иш чаранын максаты – номинациялык файлдарды даярдоо үчүн зарыл болгон концептуалдык, аналитикалык жана техникалык чеберчиликти өнүктүрүү, ошондой эле бейзаттык маданий мурастын элементтеринин номинацияларын эл аралык деңгээлде кыйла натыйжалуу жана сапаттуу даярдоону жана көрсөтүүнү камсыз кылуу.
👩🏻‍💻 Иш жолугуу: Баш оонанын 20-да Айгине маданий изилдөө борбору Паванка Фонду тарабынан уюштурулган негизги баалоо жыйынына катышты. 10 жылдык мааракесин белгилөөдө Паванка Фонду өзүнүн өнөктөштөрүн алардын жылдар бою биргелешкен аракеттеринин таасирин баалоого жана ой жүгүртүүгө чакырды. Жолугушуунун жүрүшүндө Айгине МИБ өкүлдөрү Паванка менен болгон өнөктөштүктүн натыйжалары жана жетишкендиктери тууралуу кеңири баяндамасын тартуулады.