Иш сапарлар: Баш оонанын 6-да Айгине МИБ Өзбекистандагы Навои шаарынан алыс эмес жайгашкан Сармышсай комплексине сапар кылууда. Бул – чийимташтарга өтө бай жер. Саны да, мааниси да адамды таң калтырат. Бул таш сүрөттөр тууралуу Рамазан Эгамов, Сармышсай паркынын жетекчиси Ысык-Көлдөгү иш чарага келгенде тааныштыра кеткен. Иш сапар Баш оонанын 11-чейин уланат.
Иш жолугушуулар: Баш оона айынын 4-дө Айгине МИБ өкүлдөрү Алай Куудагы Кара Кулжанын алыскы тоолу Көндүк айылынын өкүлү Назар Төлөнбаев менен жолугушту. Назар байке 2019 жылдан бери Айгине тобу менен байланышып келет. Жолугушуу учурунда Кара Кулжа аймагында жайгашкан айылдарынын, суу-тоолорунун аттарынын чечмелениши тууралуу маек болду. Мындай жолугушуулар жана изденүү “Түпкү Кыргызстан” демилгенин алкагында орун алууда. Атаган демилгенин ниети – эл арасынан жергиликтүү айылдарынын, суу, тоолорунун аттарынын чечмеленишин чогултуп, ар бир аймактын өзгөчөлүгүн тереңрээк түшүнүү. Ошону менен бирге жер ысымдары аркылуу эл арасында оозеки жашаган билимди жазып, сактап, болочок муундарга жеткируунү көздөйбүз.