👩🏻‍🍼Энелердин колдоосу: Айгине МИБ тобу «Энелердин колдоосу» демилгелүү тобу менен биргеликте «Жети эненин батасы» долбоорун ишке ашыра баштады. Долбоор кыргыз элинин түпкү маданиятына мүнөздүү аялдардын салттуу иш-аракеттерин сактоого жана өркүндөтүүгө багытталган. Зордук-зомбулукка каршы жана зордук-зомбулукка кабылган аялдарды айыктыруу куралы катары бата брүү/алуу, сайма сайуу, кошок айтуу салттуу көрүнүштөрү ишке тартылат. Бата берүү – жакшылык тилеп колдоо көрсөтүүнүн бир түрү болуп келет. Аялдарга кыйынчылыктарды жеңүүгө, жана өзүн-өзү сыйлоо сезимин калыбына келтирүүгө дем жана күч берүүчү сөздөр сунушталат. Сайма сайуу, оймо-чийме өнөрү запкы тарткан аялзатты калыбына келүү/келтирүү усул катары колдонулат. Аялдар капалуу, ачуу сезимдерин жана башынан өткөргөн окуяларын чыгармачылык аркылуу чыгарып, жеңилдей алышат. Кошок айтуу ырымы ички түйшүктөрдөн жана жаралардан арылуу үчүн жардам берет. Ошондой эле кошок – зордук-зомбулуктан каза болгон кыздарды эскерүү үчүн айтылат. Бул иш-чаралар тасмага тартылып долбоордун натыйжасы катары санариптик жана социалдык медиа аркылуу жайылтылат.
📕 Китеп чыгарууга даярдык: Айгине маданий-изилдөө борбору менен «Арыш-Кенч» бейөкмөт уюмунун өнөктөштүк долбоорунун алкагында доктор Апела Колорадонун «Дүйнөлөрдүн ортосундагы аялдар» китебин кыргыз тилине которуу жана тастыктоо иштерин аяктады. Учурда китеп окурмандардын жана кесипкөй адистердин пикирлерин алуу үчүн сын-пикирлерди чогултуу, ошондой эле келечектеги китептин мукабасы даярдалып жатат. Андан соң китеп басып чыгарууга жөнөтүлөт.
👩🏻‍💻 Иш жолугушуу: Теке айынын 26-да Айгине МИБ өкүлдөрү жаш сүрөтчү жана аниматор Асел Китаева менен иш жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун максаты – “Балдар асманы” долбоорунун алкагында кызматташууну талкуулоо. Асел жаш сүрөтчүлөр тобу менен биргеликте балдар үчүн жылдыздар дүйнөсү жана асман катмарлары жөнүндөгү элдик уламыштарды камтыган кыргыз тилиндеги китепти басып чыгаруу үчүн түркүн түстүү сүрөттөрдү тарта баштайт, ошондой эле салттуу билимдерди ачып, асман заттарынын кыймылы жана жылдыздардын жайгашуусу жөнүндө тасма сабак даярдайт.
Айтылган долбоорлор Паванка фонду тарабынан колдоого алынган.