
Жылдыздар тууралуу жергиликтүү билимдер: Айгине МИБ тобу «Жылдыз Санак» демилгелүү тобу менен биргеликте «Балдар асманы» долбоорун ишке ашыра баштады. Долбоордун негизги максаты – балдарга асман дүйнөсү жана асман чөйрөлөрү тууралуу байыркы жергиликтүү билимди жана түшүнүктөрдү тартулоо жана кенен жайылтуу болуп саналат. Долбоордун натыйжалары – кыргыз тилинде үч жергиликтүү уламышты камтыган кооз китеп чыгаруу, ошондой эле асман чөйрөлөрүнүн кыймылы жана жылдыз топторунун жайгашуусу боюнча салттуу билимди жана түшүнүктөрдү, Саймалуу-Таштагы айрым чийимташтар менен алардын өз ара байланышын ачып берген видеосабакты тартуу. «Жылдыз санак» (Жылдыз санагы) — кыргыздын салттуу астрономиялык жана астрологиялык билимдер топтому, айыл чарба иштерин жүргүзүү үчүн ыңгайлуу жана жагымсыз күндөрдү, убакытты жана башка маанилүү окуяларды аныктоо үчүн колдонулган. Ал жылдыздардын жана планеталардын кыймылдарына байкоолорду, ошондой эле тиешелүү божомолдорду жана кеңештерди камтыйт. “Жылдыз санак” кыргыз элинин маданий мурасында чоң роль ойноп, муундан муунга өтүп келет. Бул долбоор салттуу билим системаларын заманбап мультимедиялык платформалар аркылуу жаш муундарга берүүгө өбөлгө түзөт. Өткөн жумада долбоордун тобу китепке кире турган уламыштарды тандап, кыргыздын салттуу астрономиялык жана астрологиялык билимдер топтому боюнча видеосабактын негизги мазмунун түзө баштады. Долбоор Паванка Уюмунун жардамы менен ишке ашууда.


Жаңы изилдөө: Айгине изилдөө борборунун тобу Борбордук Азиянын күрөш жана ат оюндар өнөрүнө, анын ичинде кыргыздын салттуу Көк бөрү, Алыш жана Оодарыш өнөрлөрүнө арналган ири илимий китепке киргизүү үчүн макалалардын үстүндө иштей баштады. Бул китеп Түштүк Кореяда жайгашкан ЮНЕСКОнун алдындагы Жаштарды өнүктүрүү жана тартуу боюнча эл аралык мушташ өнөрүнүн борборунун колдоосу менен түзүлөт. Бул жумада Айгине МИБ тобу А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын жана К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасынын архивдерин карап чыгып, кыргыздын салттуу күрөш өнөрүнө жана мелдештерине тиешелүү булактарды издеп чыгышты. Жакынкы арадагы аракет – топтор, анын ичинде көк-бөрүчүлөр жана балбандар менен чогулган маалыматтарды текшерүү жана тактоо боюнча иш алып баруу каралууда.

Маданий мурастар жана заманбап технологиялардын жолугушуусу: Айгине маданий борборунун жамааты Солтек уюму менен биргеликте “Маданий мурастар жана заманбап технологиялардын жолугушуусу” долбоорунун экинчи кадамын ишке ашырууга даярданууда. Долбоордун экинчи кадамы үч санарип затты иштеп чыгууну көздөп, эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүк ар бири 3-5 мүнөткө созулган эки кыска анимациялык тасмаларды жаратууга багытталган. Бул тасмалар эки ыйык жердин келип чыгышы, кызматы жана руханий, маданий мааниси тууралуу уламыштарды чагылдырат.
Долбоордун экинчи бөлүгү кыргыз жана орус тилдеринде өспүрүмдөр үчүн жаңы мобилдик пикселдик видеооюнду иштеп чыгууну көздөйт. Оюн орус тилдүү шаардык өспүрүмдөр арасында салттуу “Көк-Бөрү” ат оюну тууралуу маалымат берүүгө багытталган. Бул Кыргызстанда түзүлгөн мобилдик каражат аркылуу катышып ойногон биринчи булак болот жана App Store менен Google Play эл аралык тиркеме аянтчаларында жеткиликтүү оюн болот. Долбоор Паванка Уюмунун жардамы менен ишке ашууда.

“Кыргызстандын бейзаттык маданий мурас дүйнөсүнө санариптик саякат” долбоорунун иш-чаралары: “Кыргызстандын бейзаттык маданий мурас дүйнөсүнө санариптик саякат” долбоорунун алкагында, Бейзаттык маданий мурасты (БММ) сактоо боюнча ЮНЕСКОнун 2003-жылкы Конвенциясынын эң маанилүү түшүнүктөрүн ачып берүү үчүн видео инфографикаларды даярдоо иштери улантууда. Бул видео инфографикалар кыргыз жана орус тилинде жети багыт боюнча иштелип чыгат. Азыркы тапта багыттарды баяндоону тасмага түшүрүү баскычы улунтууда. Аталган долбоор Конвенциянын Эл аралык фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жатат.