Улуу Тоолор долбоорунун жыйынтыгы: Бугунун 21-де Тоң айылында Улуу Тоолор долбоорунун жыйынтыгы чыгарылды. Иш-чарада Тастар-Ата тоонун жанында жайгашкан 3 мектеп бир айлык изилдөөнүн натыйжасын көрсөтүштү. Ал мектептер Кажы-Саз, Туура-Суу жана Тоң айылдарында жайгашкан. Мектеп окуучулары өздөрүнүн айылында 5 багытта изилдөөлөрдү жүргүзүштү: дары чөптөр, уламыштар, чийимташтар, ийгиликтүү айымдар жана 1916 окуялар боюнча. Долбоордун катышуучулары жыйынтыкты креативдүү түрдө көрсөтүштү. Натыйжада, 3-орун Кажы-Саз айылынын мектебине, 2-орун Тоң айылынын мектебине, ал эми 1-орун Туура-Суу айылынын мектебине берилди. Калыстар тобунда Гульнара Айтпаева, Жумагазы Садыр уулу жана Темирбек Токтогазиев болду. Долбоордун башталышына жардам берген жергиликтүү инсан Бакыт Чойтонбаевге чоң ыраазычылык билдиребиз.
Иш сапар боюнча маалымат берүү: Бугунун 23 Замана студиясында Айгиненин адиси Темирбек Токтогазиев Бугунун 10-15 Казакстанда жайгашкан Жезказган шаарына болгон сапар тууралу айтып берди. Түз эфирде Темирбек Токтогазиев сапардын максатын жана өзгөчүлүктөрүн айта кетти. Бугунун 24 Айгиненин зертчиси Жумагазы Садыр уулу Казакстандагы Жезказган аймагына болгон саякатыбыз тууралуу Кыргыз радиосунда маекке катышты. Сөз Кыргызстан менен Казакстандын чийимташтарындагы окшоштук жана өзгөчөлүк туураалу, касиеттүү жайларга болгон мамилелер тууралуу болду. Саякаттар Айгиненин Орто Азия боюнча изденүүлөрдүн алкагында орун алды.
Окутуу иши: “Кыргыз оркестрине коңур үндү киргизүү” долбоорунун жумушчу тобу, музыканттар Чолпон Турумбаева, Рысбек Жунушов, Залина Касымова жаш музыканттарды реконструкцияланган комуздарда жана кыл кыяктарда ойноого үйрөтүү иштерин улантууда. Ошондой эле жумушчу топтун мүчөсү Турумбаева Чолпон Коңур үнү боюнча жүргүзгөн изилдөөсүнүн жыйынтыгын Бугунун 30 Кулжа 2 чейин өтө турган Алтай мамлекеттик маданият институтунда Азия элдеринин Шериктештигинин алдындагы окуу жайлардын маданият тармагында “Евразиялык аймактын маданияты” IV Эл аралык илимий-практикалык форумунун алкагында көрсөтүүгө даярданууда. Форумга катышуу үчүн Чолпон Турумбаеванын “ Кыргыз элдик аспаптык музыкадагы коңур үңдүүлүк” деген макаласы орус тилине которулган. Музыканттар тобун реконструкцияланган комузда жана кыл кыякта ойноого үйрөтүүнүн акыркы максаты аларды реконструкцияланган аспаптар менен Б.Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин оркестрине киргизүү жана отчёттук концертин өткөрүүдө.
Мурдаш чийимташтарын сактоо боюнча иш чаралар: Айгине маданий-изилдөө борборунун тобу Ош облусундагы Мурдаш Башы тарыхый-маданий комплексинин санариптик картасын түзүү иштерин улантууда. Бул долбоордун алкагында археологиялык жазууну киргизүү жана санариптик картага чийүүнү салттуу чечмелөө аяктады. Бул комплекс тууралуу маалымат https://petroglyphs.kg/ сайтына да кошулду, ал аркылуу комплекстин санариптик картасын көрүүгө болот. Санариптик карта 2024-жылдын июнь айында өткөрүлүшү пландалган талаа изилдөөлөрдөн кийин жаңыртылып, археологиялык маалыматтар менен толукталат.
Онлайн жолугушуулар: Бугунун 20 Айгине МИБ тобу Кореяда жайгашкан ЮНЕСКОнун алдындагы Жаштарды өнүктүрүү жана тартуу боюнча эл аралык мушташ өнөрүнүн борборунун өкүлдөрү менен онлайн жолугушууга катышты. Жыйындын жүрүшүндө Айгине илимий-изилдөө борборунун жамааты тарабынан кыргыз көк бөрү, алыш, күрөш, эр эңиш боюнча илимий эмгекти Орто Азиянын мушташ өнөрү боюнча басмага жарыялоонун шарттары талкууланды.
Китептин котормосу: Айгине МИБ менен “Арыш-Кенч” бейөкмөт уюмунун өнөктөштүк долбоорунун алкагында Апела Колорадонун «Дүйнөлөр ортосундагы аялзат» китебин кыргыз тилине которуу аяктады. Учурда китеп редакциялоо иштеринде, анын сапатын жана адабий тактыгын жогорулатуу боюнча иштер жүрүп жатат. Редакциялоо аяктагандан кийин окурмандардын жана кесипкөй адистер пикирлерин алуу үчүн сын-пикирлердин жыйнагы пландаштырылууда. Андан кийин китеп дароо басып чыгарууга даяр болот.