⛰️ Чийимташтар боюнча жыйналышына катышуу: Чын курандын 29-30да, МИБ Айгине борборунун адисттери Жумагазы Садыр уулу, Чынар Сейдахматова, ошондой эле долбоордун улук координатору Чолпонай Усубалиева-Грищук жана долбоордун координатору Айза Абдырахманова Борбордук Азия Университети уюштурган «Борбордук Азиянын ташка ойулган тарыхы: чийимташтарды изилдөө, сактоо жана чечмелөө» аттуу конференцияга катышты. Чын курандын 29-да Айгине МИБ тобу Кыргызстандын чийимташтарын сактап калуу жана аларды салттуу билим аркылуу чечмелөө жана изилдөө боюнча ишинин жыйынтыктарын ортого салып, баяндама жасады. Баяндамалардын аягында Айгине маданий-изилдөө борборунун тобу Кыргызстандагы чийимташтардын салттуу чечмелөөрүнүн негизинде түзүлгөн эки кыймылдуу тасманы көрсөттү. Жыйналыш Фрунзе музейинде орун алды. Жыйналыштын биринчи күнү Фрунзе музейинде орун алды. Чын курандын 30-да конференциянын экинчи күнү Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өтүп, сүрөтчү Нурпери Орунбаеванын жана сүрөтчү Сания Нурова «Таштардын жомогу: Баткен чийимташтары кылымдар бою» аттуу көргөзмөсүнө экскурсия болду МИБ Айгине тобу бул конференцияны уюштурганы жана МИБ Айгине чакыргандыгы үчүн Борбордук Азия Университетине ыраазычылык билдирет.
🎶 Коңур үндүүлүк боюнча изденүүлөр: “Кыргыз оркестринин үнүнө коңур үн киргизүү” долбоорунун демилгечи тобу, музыканттар Чолпон Турумбаева, Рысбек Жунушов, Залина Касымова жана салттуу музыкалык аспаптарды жасоонун устаты Марат Берикбаев ЭЛТР берүүсүндө конокто болушту. Музыканттар долбоордун максаттары жана нукура үнүн издөө үчүн комуз кыл кыякты изилдөө иштери, кыргыздарга мүнөздүү коңур үндүүлүктү изилдөө боюнча ойлору жана тажрыйбасы менен бөлүшүп, ошондой эле реконструкцияланган кыл кыяктар жана комуздар боюнча жаш музыканттарды окутуу иштери тууралуу айтып беришти. Долбоор Айгине МИБ менен биргеликте ишке ашууда.
📑 Бейзаттык элементтеринин маалымат база боюнча иштөө: «Кыргыз Республикасынын бейзаттык маданий мурастар дүйнөсүнө санариптик саякат» Улуттук бейзаттык маданий мурастын элементтери боюнча маалыматтарды чогултуу, талдоо жана текшерүү иштерине активдүү катышууну улантууда. Учурда жумушчу топ бейзаттык маданий элементтерин иллюстрациялоо үчүн тиешелүү фото жана видео материалдарды чогултууда. Долбоорду пландаштыруунун алкагында, ошондой эле 2003-жылдагы бейзаттык маданий мурастарды коргоо боюнча Конвенциянын негизги концепцияларына жана принциптерине багытталган видео-инфографикасын иштеп чыгуу пландаштырылууда.