📒 Иш сапар: Чын курандын 20-да Айгине маданий изилдөө борборунун тобу иш чараны өткөрдү. Иш чара Кулжа айынын биринде Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата, Күн чыгыш айыл өкмөту жана жергиликтүү спорт ассоциациясы тарабынан жыл сайын уюштурулуп келген “Тушоо той” фестивалынын алкагында уюштурулду. Долбоордун башкы алакачысы Чолпонай У-Г Айгиненин бейзаттык мурастарды коргоо жана кийинки муундарга өткөрүп берүү багытындагы аракеттери тууралуу айтып, мультимедиялык долбоорлорду көрсөтүү менен борбордун соңку жылдардагы ишмердүүлүгү менен тааныштырды. Айгине МИБнун адиси Жумагазы Садыр уулу “Кыргыздар пайдаланган коомдук түзүлүштөр, өз жардам усулдары жана заманбап тажрыйба” деген теманын алкагында баяндама жасады. Айгине МИБнун адиси антропология илимдеринин доктору Айбек Самаков “Бейзаттык мурастарды коммерциялаштыруу(соодалаштыруу), мүмкүнчүлүктөр жана коркунучтар” багытында баяндап берди. Айгине МИБнун адиси Шаакан Токтогул “Салттуу тушоо тойдун түпкү маңызы, маданий, руханий баалуулугу” тууралуу баяндап берди. Салттуу тушоо тойдун маанисине жана баалуулуктарына арналган маек Бакыт Чойтонбаевдин өтүнүчү боюнча уюштурулду. Айылдыктар көп жылдан бери өзүлөрүнүн баалуулугун түшүнүп өткөрүп жүргөн тушоо тойдун келечеги кең экенине шек жок.
⛰️ Иш сапар: Айгине МИБ чын курандын 22-23 Улуу Тоолор долбоорунун алкагында Ысык-Көл облусунун үч мектебинде: Кажы-Саз (Коргонду-Булак), Тоң жана Туура-Суу айылынын окуучуларына аймагын жана айылдарын изилдөө боюнча машыгуу өткөрдү. Долбоордун максаты – кичүү жана улуу муундардын өз ара байланышын бекемдеп, анын негизинде өз айылын жана аймагын тереңрээк таанып билүүгө үйрөнүү. Өз жеринин тарыхын, өзгөчөлүктөрүн өз көз караштар менен чагылдырып, сактап калуу. Изилдөө бир ай жүргүзүлөт. Бугу айынын 21-де 3 мектептин окуучулары жыйынтыгын калыстар тобуна көрсөтүшөт. Эң мыкты мектеп байгеге ээ болот. Машыгууну Айбек Самаков, Жумагазы Салыр уулу агай жана Айгиненин тобу өткөрүштү.
🤝 Иш жолугуу : Чын курандын 25-де “Кыргыз Республикасындагы салттуу кол өнөрчүлүктү өндүрүү жана санариптик маркетинг жаатында дараметти жогорулатуу аркылуу маданий туризм индустриясын илгерилетүүгө” багытталган Корея Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы өнүгүүнү көздөгөн эки тараптуу расмий жардам долбоорунун (ODA) Жетектөөчү комитетинин үчүнчү жыйналышы өттү. Жыйналышта 2024 жылы өтүлө турган иш-чаралар каралып, талкуууга алынды. Айгине Жетектөөчү комитетине маданий мурас тармагындагы көп жылдык тажрыйбасынын жана ЮНЕСКОнун 2003 жылкы Конвенциянын алдындагы аккредитациянын негизинде киргизилген.