
Биринчи угуу: Бугу айынын 18 “Кыргыз оркестринин үнүнө коңур үн киргизүү” долбоорунун жумушчу тобу, музыканттар Чолпон Турумбаева, Рысбек Жунушов, Залина Касымова реконструкцияланган комуз, кыл кыяктар менен оркестрдин биринчи угуусун өткөрүштү. Биринчи угуунун жүрүшүндө жаш музыканттарды даярдоо иштерин ортодогу жыйынтыктары жана долбоордун иш-чараларынын алкагында мындан аркы кадамдар талкууланды.

Намазбек Уралиев – Ариранг устаты: Бугу айынын 15 Замана студиясынын таңкы уктуруусуна Намазбек Уралиев менен Айгине МИБ кызматкери Мээрим Айткеева чакырылды. Түз эфирде алып баруучулар Намазбек Уралиевди Ариранг Устаты сыйлыгын алышы менен куттуктап, ал үчүн бул жагымдуу сюрприз болгонун болгонун айта кетти. Мээрим Айткеева бул абройлуу сыйлыкка тапшыруу иштерин чоо-жайы менен бөлүштү. Программанын соңунда агай комузда черткен чыгарманы аткарды.

Улуттук бейзат мурастардын тизмеси боюнча иш: Жумушчу топ «Кыргыз бейзаттык маданий мурастар дүйнөсүнө санариптик саякат» долбоорунун алкагында бейзаттык маданий мурастын улуттук тизмесинин элементтери боюнча маалыматтарды жигердүү чогултууну, талдоону жана текшерүүнү улантууда. Маалыматтарды толуктоого жана текшерүүгө, ошондой эле бейзаттык маданий мурастардын сүрөттөмө үчүн тиешелүү фото жана видео материалдарды чогултууга өзгөчө көңүл бурулат. Бул иштер менен катар долбоордун негизги натыйжасы боло турган санариптик платформанын дизайны топтун мүчөлөрү тарабынан каралып, бекитилүүдө. Долбоорду алкагында, ошондой эле 2003-жылдагы Бейзаттык маданий мурастарды коргоо боюнча Конвенциянын негизги концепцияларына багытталган видео-инфографикасын иштеп чыгуу пландаштырылууда. Мультимедиялык материалдардын бул форматы маалымат берүүчү гана болбостон, кеңири аудиторияга бейзаттык маданий мурастын маанисин, ошондой эле 2003-жылы ЮНЕСКОнун Бейзаттык маданий мурастарды коргоо боюнча Конвенциясынын мазмунунун маанилүүлүгүн жакшыраак түшүнүүгө мүмкүндүк берет.

https://www.facebook.com/aigineCRC/videos/419825997470701