Тажрыйба бөлүшүү (мастер-класс) жумасы: эртең, чың курандын 6-да “Сезим” кризистик борборунун жашоочулары үчүн мастер-класстардын жумасынын акыркы күнү болот. Аялдар бир жума бою кийиз жасоонун ыкмаларын үйрөнүп, түрдүү саймалардын маанисин түшүнүп , өз колдору менен буюмдарды жасашты. Мындан сырткары, мастер-класстардын алкагында үй-бүлөлүк зомбулукту жеңүү боюнча окуяларын айтып, керектүү кеп-кеңештерин берген коноктор менен жолугушуулар уюштурулду. Ошондой эле өнөр жай ишканаларга баруу өзгөчө кызыгууну жаратты, анда катышуучулар кол өнөрчүлөр менен жеке баарлашып, өз колдору менен кандай эмгекти жарата аларын көрүштү. Бул жумада катышуучулар жаңы шык-жөндөмгө ээ болушуп, башка адамдардын окуяларын угушуп, алар жалгыз эмес экенин сезишип, көйгөйлөрүн түшүнүп жардам бере тургандар бар экенин билишти, бир-бирине жакындашты. Катышуучулардын айрымдары мындан ары да салттуу кол өнөрчүлүк тармагында иштөөнү ойлонуштурууда. Мастер-класстардын жумасы Айгине маданий борборунун жамааты тарабынан демилгеленген. Тажрыйбасы менен Айгине маданий изилдөө борборунун өнөктөшү, сүрөтчү-дизайнер Гүлмира Кутуева болүштү.
Мурдаш-Башынын санариптик аянтча боюнча иштердин аяктоосу: бул жумада “Мурдаш-Башы чийимташтарын жана ага байланыштуу салттуу билимдерди картага түшүрүү жана санариптештирүү аркылуу сактоо” долбоорунун алкагында Мурдаш башы тарыхый-маданий комплексинин онлайн картага таштарды кошуу иштери бүтүрүүдө. Картада ар кандай сүрөттөр менен таштар бар: ача туяктуулар, белгилер, жырткычтар, маймылдар, ошондой эле татаал мазмундагы сүрөттөр. Долбоордун кийинки кадамы – Мурдаш Башы таштарындагы чиймелердин негизинде долбоордун адистери иштеп чыккан сюжеттин негизинде кыймылдуу чакан тасма даярдалат.
Кыска мөөнөттүү тасма: Бул жумада “Ырым” кыска мөөнөттүү тасма даяр болду. Тасманын режиссеру Гузел Дүйшөнкулова. Кыргыздын салттуу коомунун турмушундагы каада-салттардын ордун, баалуулуктардын, үй-бүлөлүк мамилелердин жана жүрүм-турумдун калыптанышына тийгизген таасирин ачып берүү тасманын маанилүү жагы болуп саналат. Тасма эркек-аял мамилесине тиешелүү бир өзгөчө ырымын көрсөтүп, сезим жагынан зомбулуктун жолдоруна жана анын кесепеттерине көңүл бурат. Тартуу иштери Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде өттү.