Иш чара: Жалган курандын 29-да, «Мурдаш Башы чийимташтарын картага түшүрүү жана аларга байланыштуу салттуу билимди изилдөө жана санариптештирүү аркылуу сактоо» алкагында Айгине МИБ тобу Мурдаш Башы таштарындагы чиймелерди чечмелөө боюнча салттуу билим боюнча адистери менен жолугушууну өткөрдү. Мурдаш башы таштарындагы сүрөттөрдүн негизинде салттуу билим боюнча адистердин жумушчу тобу кыймылдуу видео түрүндө ишке ашырыла турган окуяны түзүштү. Жакынкы келечекте окуянын негизинде кыймылдуу видео чагылдырылат жана долбоордун санариптик картасы менен бирге долбоордун натыйжаларынын бири болуп, жердин салттуу чечмелөө жана археологиялык сыпаттамасын камтыган Мурдаш-Башы маданий-тарыхый комплексинин санариптик картасы менен бирге жарыялат. Ошондой эле иш чаранын алкагында астроном, Ж.Баласагын атындагы КУУнун окутуучусу, Калыбеков Абакир Саймалуу Таш чийимташтарын планеталардын кыймылына, топ жылдыздардын жайгашкан жерине карап чечмелөө жолдору менен бөлүштү. Абакир абанын иштеп чыгуулары Мурдаш Башынын салттуу чечмелөөсүндө да колдонулат.

Иш сапары: Жалган курандын 16-18 Айгине МИБнун өнөктөшү, Финляндиянын Элдик музыка институтунун жетекчиси, изилдөөчү, Матти Хакамаки Кыргызстанга биринчи иш сапары менен келди. Бишкектеги иш сапарынын алкагында Матти манасчы Назаркул Сейдрахманов, Кыргыз улуттук «Манас» театрынын жетекчисинин орун басары, манасчы, Нурбек Талантбек уулу жана жаш муундагы жетилип келе жаткан манасчы кыздар жана балдар менен жолугушту. Жолугуушунун алкагында, Матти мырза Манас айтуу өнөрү муундан-муунда өтүү, сактоо жолдору жана жаш муунду кызыктыруу аракеттери азыркы учурда кандай жүрүп жатканын, улуттук театрдын иш-аракеттерди менен тааныша алды. Ошондой эле Матти Б.Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетине да барууга жетишти. Иш сапарынын алкагында Б.Бейшеналиева атындагы КМУКИнин оркестрдик-хордук дирижерлук факультетинин оркестрдик дирижерлук бөлүмүнүн башчысы, эл аралык байланыштар боюнча проректору Турумбаева Чолпон менен баарлашты. Чолпон эже университеттин тарыхы, түзүлүшү тууралуу жана элдик музыка бөлүмүндө студенттерди окутуу жүрүшү боюнча айтып берди. Мындан тышкары, Чолпон эже кыргыздын салттуу үнүн реконструкциялоо жана аны оркестрге киргизүү боюнча «Коңур үн» долбоору тууралуу айтып берди. Матти ошондой эле кыл кыякка жана кыргыздын үйлөмө салттуу музыкалык аспаптары боюнча сабактарга катышты. Матти Искусство университетине баргандан кийин Нооруз майрамынын алкагында консерваториянын кичи залында өткөн Консерватория менен Искусство университетинин студенттеринин концертине катышты.

Иш жолугуу: Жалган курандын 15 Айгине МИБ кеңсесинде Түштүк Кореяда жайгашкан ЮНЕСКОнун алдындагы Жаштарды өнүктүрүү жана тартуу боюнча эл аралык мушташ өнөрүнүн борборунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда Борбор Азия согуш өнөрү боюнча ири илимий басылманы түзүү анын ичинде кыргыздын көк бөрү, алыш, эңиш боюнча пландары жана бул долбоорго Айгине маданий изилдөө борборунун катышуусу талкууланды.

Тасма тартуу иштери: Ысык Көлдүн түндүк жээгинде өтүп жаткан “Ырым” чакан тасманы тартуу иштери башталды. Тартуу иштерин режиссер Гузел Дүйшөнкулова жана анын тобу алып барууда. Баяндаманын өзөгү өткөн жылдын аягында жарыяланган сынактын алкагында тандалып алынган. Тасмада гендердик теңсиздик, элибиздин каада-салттары жана анын кесепеттери тууралуу сөз болот.