📚Иш жолугуулар жана талкуулар: бул жумада МИБ Айгине жумушчу тобу салттуу кыргыз маданиятынын өкүлдөрү жана күйөрмандары менен жолугууларды өткөрдү. Жолугушуулардын максаты – салттуу маданият, ошонун ичинде кол өнөрчүлүк, акындык азыркы коомдук көйгөйлөрдү чечүүгө кандай салым кошо алат боюнча талкуулоо. Ошондой эле, иш талкуулардын алкагында МИБ Айгине жумушчу тобу жана адисттери биргелешкен кызматташуу боюнча суроо-талаптарды жана сунуштарды карап чыгышты. Сунуштарды карап баалаганда, Айгиненин вазыйпасына туура келиши жана азыркы замандын көйгөйлөрүн калың элге түшүнүктүү жолдор менен чечүүгө кошо алган дарамети этибарга алынды.
📻 “Асыл жан” радиоуктуруунун алкагында ” Азыркы коомдогу аял-эркек маселесине байкоо жана талдоо.” багытында маек орун алды. Конок: Айкөкүл Арзиева, антропология илимдеринин доктору. Ошондой эле “Үй-бүлөлүк зомбулук, андан чыга билүү” багытында маек орун алды. Конок: Журналист, Нуриза Чынтемирова.
🎶 Окуу иши: “Кыргыз оркестринин үнүнө коңур үндү киргизүү” долбоорунун алкагында жаш музыканттарды реконструкцияланган комуздарды чертүү боюнча окуу иши уланууда. Ишти музыкант, долбоордун өкүлү Рысбек Жунушов алып барууда. Музыканттар тобун реконструкцияланган комузда жана кыл кыякта ойноого үйрөтүүнүн акыркы максаты аларды Б.Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин оркестрине киргизүү жана концерт өткөрүү.
🏔️ Кыргызстандын касиеттүү жерлери: Муундан муунга өткөн мурас фото сериясы: Айгине маданий-изилдөө борбору 19-кылымдын аягынан 20-кылымдын аягына чейинки мезгилди камтыган Кыргызстандын ыйык жерлеринин архивдик сүрөттөрүнүн сериясын көрсөтүүнү баштайт. Бул көргөзмөнүн максаты – өлкөнүн касиеттүү жерлердин маданий баалуулугун эске салуу, алардын көбүнүн 100 жылдык, аз дегенде, тарыхы бар. Бул сүрөттөрдө чагылдырылган жаратылыш менен адамдын ортосундагы өз ара колдоонун окуясы. Сүрөттөр Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинен тандалып алынган.
🎬 Даректүү чакан тасма “Алсыз кордойт, күчтүү коргойт”: Бул жумада Айгине Борбору өлкөбүздө болуп жаткан үй-бүлөлүк жана аялзатка карата зордук-зомбулукту азайтуу максатында чакан тасманы тартууну бүттү. Долбоордун жумушчу тобу роликтин монтаж ишин баштады. Зордук-зомбулукка каршы өлкөбүздүн сыймыгы болгон көк-бөрүчүлөр, актерлор жана каскадерлор тартылды. Уюштурууну долбоордун алакачысы Мээрим Айткеева башкарып келет.