Бет ачар: Бештин айынын 22-де жана 23-дө Айгине маданий-изилдөө борбору өнөктөштөрү жана эмгектештери менен биргеликте өз имаратында жоопчот кечелерди өткөрдү. Ар бир кече үч бөлүкчөдөн куралды: түш-белек кутучасынын бет ачары; чийимташтардын сырын кыймылдаган сүрөттөр (motion video) аркылуу ачуу жана канаттуу баш-кийимдер тууралуу тасманы сунуштоо. Катышкан асыл конокторубуз өз пикирлерин айтып, колдоосун да, сынын да ортого салышты.
Коңур үн: Бештин айынын 27 Айгине маданий борборунун кеңсесинде “Кыргыз оркестрине коңур үндү киргизүү”жаңы долбоорунун алкагында жумушчу топтун жолугушуусу болуп өттү. Долбоордун демилгелүү тобу, музыканттар Чолпон Турумбаева, Рысбек Жунушов жана салттуу музыкалык аспап жасоочу Марат Берикбаев долбоордун мындан аркы практикалык милдеттерин жана пландалган иш-чараларын талкуулашты. Комуз жасоо боюнча долбоордун адиси Рысбек Жунушов комуз жасоо процессин аяктады. Андан ары долбоордун жумушчу тобу жаш музыканттарды реконструкцияланган музыкалык аспаптарда ойноого үйрөтүү этабын баштайт.
Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы кезектеги радио угуу: Бул жумада 2 маселе боюнча көрсөтүү болуп өттү – Жазуучу, этнопедагог Аман Кармышаков, психолог Бактыгул Бейшеева: Ата-эне балдарын турмушка кандай дардайт? Журналист Санжи Туйтунова: Асыл жан: Аял-эркек ортосундагы күтүүлөр жана түшүнбөстүктөр.
Смотреть статистику
Продвигать публикацию
Все реакции:

Вы и ещё 2